БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин онлайн тартипте окутууга өткөн биринчи күнү 53,5 миңден ашуун бала барса, ушул эле окуучулардын 3 680 классташы аралыктан окуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим расписаниеге ылайык, кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүшкөн.
Маалыматта мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалганы айтылды.
Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатканын айткан.
Билим уясын жетектей турган адамды кандай жол менен тандашары азырынча белгисиз. Министр буга чейин мектеп директорлору боюнча көптөгөн суроолор келип жатканын айткан.
"Өлкөдө жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоосу менен креслосун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар", — деди Бейшеналиев.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилеринин тизмесин Шаардык билим берүү башкармалыгынан алып, буга чейин даярдалган макала менен ачык булактарда жазылган маалыматтарды кошуп таблица түздү.
Анда мектеп жетекчилеринин жаш курагы, канча жылдан бери билим берүү мекемесин башкарып келе жаткандыгы тууралуу жазылган.
Мектепти азыр башкарып жаткан жетекчилердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, БШК мүчөсү, Бишкектин мурдагы вице-мэри жана башка муниципалитеттин аткаминерлери бар.
Бир эле билим берүү жайын 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан жетекчилердин катарында №7 мектептин директору Чолпон Бердалиев, №10 мектептин директору Кулжан Үмөталиева, №20 окуу-тарбия комплексин башкарган Чолпон Кудайбергенова, №23 мектеп-гимназиясынын директору Андрей Ситоленко, №27 орто мектебинин жетекчиси Бермет Носинова, №31 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Тажыбүбү Өмүрзакова, №34 жардамчы мектебин башкарган Гүлизат Карасартова, №51 орто мектебин жетектеген Суусар Мураталиева бар.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, директорлорду дайындоо боюнча азыркы механизм коррупциялык тобокелчиликке алып келет.
"Билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мектепке компетенттүү директор керек. Азыр мектеп жетекчилерин дайындоо иштери менен билим берүү бөлүмдөрү иш алып барат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдан бери мектеп жетекчилери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга дайындалышат. Көпчүлүк директорлор 2014-жылга чейин шашылыш эмес келишимдерди түзүшкөн. Ошол себептен билим берүү башкармалыктары жана райондук бөлүмдөр алар менен келишимдерди токтотуп кое алышпайт. Азыр биз директорлор жетекчилик кызматка келиши үчүн тесттен өткүдөй жобону иштеп жатабыз. Мектеп жетекчилеринин жаш курагы жана иштөө мөөнөтү боюнча дискриминацияга каршыбыз. Бирок коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарган так механизмди киргизүүгө убакыт келди", — деди Жусупбекова.
Ал мектеп директорлорун баалоо критерийлери менен жумушка алуу же иштен кетирүү боюнча жаңы механизм быйылкы окуу жылында ишке кирет деген ишеничин кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жол эрежесин бузуу менен айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат. Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
Алгач эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору бизнес эмеспи деген суроо салды. Буга ички иштер министринин орун басары биринчи кезекте коопсуздук экенин айтты.
"Бул түздөн-түз бизнес, айып салып акчасын чогултуп аласыңар. Байкуш айдоочулар сотко берсе силерди утуп алат. Себеби айдоочуларга шарт түзүп берген жоксуңар. Жол чийиндерин, камераларды эл аралык талаптагыдай орнотпой "шпиондук" менен коюп, эреже бузганга мажбур болуп жатышат. Аэропортко бараткан жолго саатына 40 чакырымдык чектөөнү коюп койдуңар, ал эми мектептер жабык. Көлгө бараткан жолдо камера деген белги бар, бирок биринде да канча ылдамдык менен жүрүү керектиги жазылган эмес", — деди депутат.
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 4-мартында ишке киргизилген. Ушул кезге чейин автоунаа ээлерине 2 миллион 163 миң 576 айып кагазы жиберилген. Учурда айыптардын 1 миллиард 527 миллион 330 миң 540 сому же 64,9 пайызы төлөндү. Ал эми эреже бузганына макул болбой 161 айдоочу ЖКККББга кайрылган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болот деген кептер чындыкка дал келбей турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.
"Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм", — деди Текебаев.
Саясатчыдан алдыдагы пландары тууралуу да сурадык.
"1,5 жылдан бери бүтпөй жаткан сот иштери менен алекмин. Алгач сот иштерин бүтүрүшүм керек, пландарым ошондон көз каранды болот", — деди Текебаев.
Былтыр "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип ал соттолгон деген статустан кутулган.