Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев. Архивдик сүрөт

Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады

106
(жаңыланган 11:44 19.01.2021)
Өткөн жылдын 21-декабрында Саркарбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.

Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.

Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен өткөн жылдын 27-декабрында кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.

Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.

Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.

106
Белгилер:
Кылычбек Саркарбаев, УКМК, өзгөртүүлөр, чара, сот
Тема боюнча
Ош шаардык спорт комитетине жаңы жетекчи дайындалды
Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты

Дүйнө элдеринин көз талдырган, таң калтырган бийлери. 12 сүрөт

3
Эл аралык бий күнү 1982-жылдан бери ЮНЕСКОнун алдындагы Эл аралык театр институтунун бий комитетинин демилгеси менен майрамдалып келет.

1727-жылы 29-апрелде заманбап балеттин негиздөөчүсү Жан-Жорж Новерр туулган. Атактуу франциялык хореограф жана окутуучу Луи Дюпренин шакирти Новерр 1743-жылы бийчи катары сахнага чыгып, Франция жана Британиянын театрларында иштеген. Кийинчерээк бий спектаклин түзгөн.

Новерр драмалык балеттин негиздөөчүсү катары таанымал. Анын реформалары дүйнөлүк балеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизген.

Эл аралык майрам бийдин түрлөрү аркылуу адамдарды бириктирип, саясий, маданий жана этникалык тоскоолдуктарды жеңүүнү көздөйт. Былтыр пандемияга байланыштуу майрам онлайн белгиленген. 2021-жылы да ушундай тартипте өткөрүү чечими кабыл алынган.

3
  • © AFP 2021 / Yasuyoshi Chiba

    Рио-де-Жанейро шаарындагы (Бразилия) карнавалда самба бийлеп жаткан топ

  • © AP Photo / Jae Hong

    Токиодогу театрдын артисттери

  • © Sputnik / Igor Kostin

    Украина ССРинин Мамлекеттик академиялык бий ансамблинин артисттери өздөрүнүн бийин аткарып жатышат

  • Хака аталышындагы саламдашуу бийин бийлеген маори элинин (Жаңы Зеландия) жоокерлери

  • © AFP 2021 / Adem Altan

    Түркияда дубандар (дервиш) чимирилип бийлеп жатат

  • Америкадагы индиялык резервациянын pow-wow бийи

  • © AFP 2021 / Sonny Tumbelaka

    Бали элинин кечак бийи

  • Өнөрпоздор классикалык кхмер бийин аткарышууда

  • Англиянын элдик бийи Abbots bromley horn

  • © AFP 2021 / Timothy A. Cary

    Фламенкону келиштире аткарган бийкеч

  • © Depositphotos / Dtemps

    Эфиопиядагы хамер уруусунун салттуу бийи

  • © AP Photo / Natacha Pisarenko

    Буэнос-Айресте (Аргентина) бийчилер танго тартуулады

Белгилер:
сүрөт, балет, майрам, бий
Тема боюнча
Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт
Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр

Саат 12ге чейин уктап көндүк, 10до кантип турабыз. Депутаттын тамашасы видеодо

18
(жаңыланган 19:06 12.05.2021)
Бүгүн Кумтөр кенин текшерген мамлекеттик комиссия алдын ала корутундусун чыгарды. Жыйындын аягында депутаттар кийинки отурумдун убактысын белгилей албай талашышты.

Комиссия мүчөлөрү жума күнү чогула турган болуп, бирок бир тарабы түшкө чейин десе, экинчи тарабы эртең менен өткөрүүнү сунуштады.

Мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров: "Түштө жума намазга барып Алла Тааладан билип-билбей кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайлы. Бул жерден далай кишини эле мекендин саткыны кылып жатабыз. Саат 15:00дө толугу менен тазаланып келип чечим кабыл алалы да, кол коёлу", — деп тамашалады.

Буга да макул болбой эртең жыйынга келүүнү сунушташты. Ошол учурда депутат Өмүрбек Бакиров "азыр биз орозодо 10го чейин уктап көнүп алдык, саат 10до кантип турабыз" деп күлдүрдү.

Натыйжада кийинки отурум жума күнү, 14-майда, саат 10:00дө өтө турган болду.

18
Белгилер:
тамаша, комиссия, Кумтөр, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бакиров
Тема боюнча
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты