Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды

© Sputnik / Эмиль СадыровСитуация с общественным транспортом в Бишкеке
Ситуация с общественным транспортом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат бергендерге анонимдүүлүк кепилдиги бар деп ишендирди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.
"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео
Эске салсак, маршруткалардын айдоочулары 18-январда жол кирени жогорулатуу талабы менен нааразычылык акциясын өткөрүүнү убада кылышкан. Мэрия өз кезегинде акцияны уюштурган тараптарды лицензиясынан ажыратарын айткан. Милиция да мыйзам бузуулар катталса, чара көрүлөрүн эскерткен.
Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0