Самара Каримова кызматынан кол жуушу мүмкүн. Маданият министрлиги сотко даттанды

© Фото / Арсен МендебаевЫрчы Самара Каримова. Архив
Ырчы Самара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик ырчы кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арызын эки жылдан кийин жазып, сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенин белгилейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.
"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:
Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;
КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;
Ырчы Курал Чокоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыры кеткен наам-сыйлыктар. Чындап эле пайда-батасы жокпу?
Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.
Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин буздуруп кирген.
Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.
Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0