Эртеңден тарта Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын саны көбөйтүлөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСтамбул аэропортундагы учактар. Архив
Стамбул аэропортундагы учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы чечимге ылайык, эртеңден тарта Стамбулга жумасына жети рейс аткарылат. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.
Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0