Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАял кол чатыр менен. Архив
Аял кол чатыр менен. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү Ысык-Көл облусунан башка аймактарда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 20-январь, шаршембиде, күндүз облустарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө -1...+4, Нарын жергесинде -3...-8 градус болот.
Бул күнү борбор калаада жана Ош шаарында кар жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0