Кыргыз көлдөрүнүн аталыш тарыхы: кыз-келиндин көз жашы, чөгүп кеткен кулун

© Фото / Геннадий ЗакировСары-Челек көлү. Архив
Сары-Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны" дейт кыргызда. Өлкөбүздөгү айыл-кыштактардын, жер-суулардын аталыш тарыхын, аларга карата айтылган икая, легендаларды биле жүргөнүбүз жакшы. Бул — тарых, басып өткөн жол.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги топонимист, географ Темиркул Эшенгулов менен баарлашып, Кыргызстандын аймагындагы айтылуу көлдөрдүн аталыш тарыхына, этимологиясына кызыгып көрдү.
Көл — бул чанактары, чөйчөктөрү табигый түрдө суу менен толтурулган көлмө. Өлчөмдөрү жана тереңдиги ар кандай. Суусу тунук жана туздуу болот.
Көлдөрдүн пайда болушунун бир канча жолдору жана типтери бар. Маселен, тектоникалык көлдөр, мөңгү көлдөрү, мореналык көлдөр, карстык жана вулкандык көлдөр болуп бөлүнөт. Биздин өлкөдө вулкандык көлдөр кездешпейт.
Тектоникалык көлдөр. Буга Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл кирет. Мындай көлдөр геологиялык фундаменти бар өрөөндүн аймагында пайда болот. Ошол тоолордун капталдарынан агып түшкөн суулар табигый жол менен кудукту толтуруп, андан көл жаралат.
Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
Мөңгү түрүндөгү көлдөр. Качандыр бир кезде климат катуу суук болуп жердин бетин мөңгү каптаган. Ар кандай калыңдыкта болуп түндүктөн түштүк тарапты карай жылганда рельефтин бир формасын жасайт. Ошентип климат аз-аздап жылуу боло баштаган. Андан кийин мөңгү жылганын токтотуп, акырындык менен эрий баштаган. Ушундан улам ар кандай чуңкурларга түшүп калган мөңгү муздарынан бара-бара көл пайда болгон.
Бөгөт көлдөр. Жер титирөө болгон кезде тоонун капталы урап түшүп, тоодогу өрөөндүн баш жагы болгон дарыяны бөгөп калгандан пайда болот. Сары-Челек, Кулун көлү бөгөт көлдөргө кирет.
Мореналык көлдөр. Байыркы замандарда өрөөндүн башынан ар кандай формадагы таштар, шагыл аралаш ылайланган чоң масса жылган. Ал күч менен келип, ар кандай аралыкка жеткен. Жаратылыштын мындай кубулушунун кооз жерлерин Ысык-Көлдөгү Чок-Тал өрөөнүнөн жана Ак-Суу районунан көрсө болот. Ал жерде чокмороктошуп масса топтолуп, чуңкурчалар пайда болуп, эриген кар, муз жана жамгырдын суусу менен толгон. Булар мореналык типтеги көлдөр деп аталат. Жылып келип, андан нары жылбай топтошуп калган жерин кыргыздар жалпысынан "төө карын" деп атаган. Анын формасы, түзүлүшү төөнүн карынына окшоп турат, өлкөдө мындай жерлер көп.
Карст көлдөрү. Жаратылышта карст кубулушу кездешет, башкача айтканда, бул жердин астындагы үңкүрлөр. Булар миң, он миң, жүз миң, миллиондогон жылдарды өзүнө камтыйт. Кыргызстандын аймагында мындай көлдөр аз.
Кыргызстанда эки миңден ашыгыраак көл бар. Мындай суулар 0,1 чарчы чакырымдан тарта көл болуп эсептелет.

Ысык-Көл

Ысык-Көл аянты жана суусунун көлөмү боюнча чоң кыргыз деңизи делет. Ал дүйнөдөгү эң чоң көлдөрдүн катарында. Азыркы учурда деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте. Көлдүн орточо тереңдиги 278 метр жана эң терең жери 668 метр. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 чакырымга, ал эми батыштан чыгышка 182 чакырымга созулат.
Ысык-Көл келип чыгышы боюнча тектоникалык типтеги көл. Өрөөндү курчаган кырка тоолордон (Тескей жана Күнгөй Ала-Тоо) агып түшкөн суулар көлдүн чанагын толтурган. Бир мезгилде көлдүн аянты азыркыдан да чоң болгон, төмөндөп, кийин кайрадан көтөрүлгөн. Азыр ылдыйлап бара жатат.
Көкөмерен капчыгайы - Sputnik Кыргызстан
Оруу-Сай деп туура эмес айтылат. Кыргызстандагы капчыгайлардын тарыхы
Көл IХ кылымдан бери Ысык-Көл деп аталган. Ага чейинки аттары бөлөк. Мисалга, Жехай деген бир аты бар (Жехай (кытайча жэ-ысык, хай-көл, туурасы деңиз) — тарыхый топоним, Ысык-Көлдүн кытайча аталышы. VIII кылымдагы кытай маалыматында "Жери суук, бирок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык деңиз деп аташат" деп жазылган. Байыркы жана орто кылымдарда Ысык-Көлдү кытай адабиятында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай, 18-20-кылымдарда Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп келишкен. Ысык-Көл деген кыргыздын байыркы тилинен келип чыккан. "Ысык" деген биринчи компоненти сын атоочту эмес, ыйык, кооз, жакшынакай деген маанини берет. Ысык мамиле, ысык сүйүү, ысык достор дегендей. Качандыр бир кезде биздин ата-бабалар көлгө табынган. Ага түшүп, балык кармаган эмес, ыйык туткан. 
Уламыш боюнча, Ысык-Көлдүн ордунда илгери чоң, капкалуу шаар болуп, калааны ач көз хан башкарат. Ал жигити менен шерттешкен сулуу кызды аялдыкка алууга киши жиберип, болгон байлыгын алдына жаят. Бирок ашыгын күткөн сулуу ага макул болбойт. Акыры хандын күч менен баш кошконуна каршы болгон кыз мунарадан боюн таштайт. Кыздын өлүмүнөн кийин шаарды суу каптап, дубалдарды суу тешип кирип, калаанын суу астында калгандыгы айтылат.

Соң-Көл

Тектоникалык типтеги Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте. Көлдүн аянты 278 чарчы чакырым, узундугу 27 чакырым 14 метрди түзөт. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү Соң-Көл тоо менен Молдо тоо кыркаларында жайгашкан өрөөндө. Соң-Көлдүн табияты кол тийбеген ары сырдуу, кооз. Суунун өңү аба ырайына жараша кубулуп турат.
Айрым маалыматтарда аталышы "жакшынакай көл" дегенди билдирет. Кыргыз тилинде айрым тыбыштар, муундар түшүп же башка тыбышка өтүп кетет. Ошол сыяктуу сөздүн биринчи компоненти "сонун" деген сөздүн кыскарган формасы болушу мүмкүн. Дагы бир варианттарда "соно" сөзүнөн келип чыккан. Ак куунун баласын бизде соно деп аташкан. Соң-Көлгө ак куулар көп учуп келип, жайкысын сүзүп жүрүшкөн. Муну менен бирге Соң-Көлдүн этимологиясын "акыркы, соңку көл" деп да чечмелегендер жок эмес. Соң-Көлдүн суусун ичсе болот.
Уламыш боюнча, илгери Теңир-Тоого бир хан келип отурукташып, ал жергиликтүү элге оор салык салат. Кыз-келиндерди күч менен тартып алып, ордого кызматка алат. Ага чыдабаган баатыр жигиттер залим ханга каршы чыгышканы менен алы жетпейт. Ошондо молдо, бүбү-бакшылар чогулуп дуба окуп, катуу жер титиреп, зулум хан ордосу жана аскерлери менен жер алдына кирип кетет. Ордуна таза, тунук көл пайда болот. экен. Ошол күндөн бери Соң-Көл залим хандан жабыр тарткан элдин, кыз-келиндердин көз жашынан пайда болгон көл деп айтылып келет.

Чатыр-Көл

Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Чатыр-Көл дагы тектоникалык типтеги көл. Көлдү түштүгүнөн Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнөн Ат-Башы тоо кыркалары курчайт. Ал деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте. Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 чакырымга созулуп, чарасынын аянты 153 чарчы чакырым. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин жетет.
Ошол жердеги бел же ашуудан караганда көлдүн формасы тигилип турган чатыр сыяктуу көрүнөт.

Мерцбахер көлү

Көлдөрдүн арасында кызыгууну жаратканы Борбордук Тянь-Шандагы Сары-Жаздын жайлоосунда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктиктеги Мерцбахер көлү болсо керек. Ошол жакта Хан-Теңири чокусунан Эңилчектин өрөөнү менен 60 чакырымга созулган мөңгү кетет. Ал Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу эки-үч чакырым, туурасы 1,1 чакырым, аянты төрт чарчы чакырым, тереңдиги 60-70 метрди түзөт. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагын муз каптап, ылдый жагы суу болуп агып турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ak-Sai Travel Kyrgyzstan (@aksaitravel.kg)

Көлдү немец илимпозу, саякатчы Годфрид Мерцбахер келип изилдеген. Ошонун атынан картага түшүп, көл Мерцбахер аталып кеткен. Бирок ал биринчи келгенде көлдү таба албай кетет. Кийин келип кыргыздын саякатчысы Садырбек Абдыбековго жолугуп, ал ээрчитип барып көлдү көргөзгөн. Көлдү, айсбергдерди, анын борбордук бөлүгүндөгү муздардын жарылышын көрүүнү каалаган альпинист, туристтер жайдын толуп турган учуру, июлдун аягында, барышат. Ошол мезгилдерде көл замбирек аткандай жарылып, агып кетет. Кээде андай болбой да калат экен.
Бул көлдүн өз аты — Кептеш. Ал рельефтин формасын, анын аска-зоолуу, туюк экендигин билгизет. Дагы бир аты — Муз-Көл. Жолу абдан татаал, опурталдуу. Кишинин баары эле бара бербейт. Атайын тик учак жалдап баргандар болот.

Ала-Көл

Ысык-Көл облусунун Каракол өрөөнүндөгү тоонун арасында Ала-Көл деген кызыктуу көл бар. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Узундугу 2,8 чакырым, эң жазы жери 600-700 метрге жетет. Аянты 1,5 чакырымды түзөт. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3532 метр бийиктикте.
Мурда ушул көлдү көрүү үчүн көптөгөн туристтер барчу. Бул дагы татаал жерде жайгашкан. Баргандар желим кайыкка (резина) отуруп, суунун оозуна чейин барышат. Ал жерде сууну тоскон атайын таш бар, ошону көрүүгө кызыккандар көп. "Ала" деген бийиктикти туюндурат. Ала-Көл  — бул бийиктикте жаткан көл.

Сары-Челек көлү

Сары-Челек бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Бишкектен 500 чакырым, ал эми Оштон 300 чакырым аралыкта, Сары-Челек коругунда, Чаткал тоо кыркасында жайгашкан. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырым, суусунун аянты 507 гектар. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 метр бийиктикте.
© Фото / Геннадий ЗакировСары-Челек көлү
Природа Кыргызстана. Озеро Сары-Челек - Sputnik Кыргызстан
Сары-Челек көлү
Коруктун айланасында Сары-Челек, Кыла-Көл, Чөйчөк-Көл, Арам-Көл, Ийри-Көл жана Бакалуу-Көл сыяктуу суулар бар. Эң эле чоңу Сары-Челек. Андан чыккан суу Кыла-Көлгө куюп, андан өзөн агып чыгат. Негизинен Сары-Челек көлүнүн өзүнүн аталышы — Тоскоол-Ата. Качандыр бир мезгилде катуу жер титирөөдөн улам көлдүн түштүк жагынан жер көчкөн. Ошол көчкү келип, дарыяны бөгөп калган. Ал жерде көчкүнүн изи азыр да байкалып турат. Ушул себептен жергиликтүү эл Тоскоол-Ата деп атайт. Бирок илимий материалдарга, картага Сары-Челек деп жазылып калып, Сары-Челек көлү аталып кеткен. Анын да Ысык-Көл сыяктуу ыйыктыгы бар, ушуга чейин эл табынат. Ал эми Сары-Челек көлүнө түндүк тараптан куйган чакан эле суу болгон. 
Ажайып Кыргызстан — Сары-Челек кыргыз бермети - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: Сары-Челек — карагайлуу тоолордун ортосундагы керемет жай
Сары-Челек тууралуу эл ичинде көптөгөн уламыш айтылып жүрөт. Алардын биринде азыр көл турган жай илгери сай болуп, анын суусу элди каптаары жөнүндө пайгамбар түш көрөт. "Жаратканың чын болсо пенделериңди сакта" деп жалынганда көлдүн сыртында калган Аркыт жери өзүнөн өзү оодарылып, сайдын оозун тосуп, сел токтоп калган экен. Ошондон улам көл алгач "Тоскоол-Ата" деп аталган дешет.
Айрымдар көлдө кайсы бир кылымдарда дулдул жашаганын айтышат. Ал суудан чыгарда көлдүн айланасы буркан-шаркан түшүп бурганак болчу экен. Ал дулдул азыр да көл бетине чыгат имиш. Дулдулдан тукум алуу ниети менен бир киши челегине айран куюп, бээсин жетелеп көлгө барат. Тилеги ишке ашып, кулундуу болсо деле ач көздөнүп жата берет. Бир убакта бурганак болуп, дулдул көлдөн чыгып бээни желкесинен тиштеп сууга алып кирип кетет. Эси чыккан киши челегин таштап артын карабай качат, көл жээгинде калган сары челектен улам ушундай аталып калган дешет.
Дагы бир эл оозундагы уламышта көлдү айланта жер жайнаган сары бал челектер коюлганынан улам Сары-Челек деп аталганы эскерилет.
Сары-Челектин ылдый жагында Кыла-Көл бар. Аты айтып тургандай "кыла" деген ылдый же төмөн дегенди билдирет.
Мындан башка Бакалуу-Көл деген кичинекей көл жатат. Анын жээгин сары камыш каптап, бакалар чардайт.
Андан бери жагындагы Чөйчөк-Көлдүн формасы чөйчөктөй болуп турат. Ал эми Сары-Челектеги Арам-Көлдүн суусунун түсү жашыл тартып, балыр сыяктуу болуп турат. Бул көлгө оңой менен каз-өрдөк конбойт, суусун ичкенге да болбойт. Ошол себептен Арам-Көл аталган.
Андан кийинки Ийри-Көл абдан кооз келет. Анын түзүлүшү ийри болгондуктан эл ушинтип атап койгон.

Беш-Таш көлү

Таласта Беш-Таш деген дарыя, өрөөн, жаратылыш паркы бар. Көлдүн аты да өрөөндүн, андагы дарыянын атынан Беш-Таш деп аталып, деңиз деңгээлинен 3008 метр бийиктикте жайгашкан. Аянты 54 гектарды ээлейт. Узундугу 1200 метр, туурасынын эң жазы жери 600-700 метрге жетет. Көл жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү жана булак сууларынан толукталат. Июнь, июль айларында деңгээли көтөрүлүп сентябрь-май айларында кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар.
Ошол Беш-Таш көлүнүн бери жагында жергиликтүү эл Беш-Каракчы деп атаган жерде моло сыяктуу орнотулган беш таш бар. Мына ушул таштар дарыяга, өрөөнгө жана көлгө дагы ат берди.

Кулун көлү

Кара-Кулжа районунда азыр корукка айланып калган Кулун көлү бар. Ал Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында жайгашкан. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 2856 метр бийиктикте жатат. Аянты 3,25 чарчы чакырым. Айланасы абдан кооз. Аны курчап турган тоолордун түндүк капталында карагай, түштүк беттеринде арча токою өсөт. Элдик уламышка караганда, көлгө кулун чөгүп кеткен имиш. Бул дагы келип чыгышы боюнча бөгөт көлдөргө кирет. Жер титирөө болгондо көчкү жүрүп, сууну тосуп калган. Тосуп калган бөгөттүн бийиктиги 120 метр, туурасы 500 жана узундугу 200 метрди түзөт. Түндүгү менен түштүк капталдары тик урчуктуу аскалар менен курчалган. Көлдөн суу агып чыкпайт.

Сары-Көл

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Murgab_Официальный группа (@murgab_official)

Кыргызстандагы табышмактуу көлдөрдүн бири — Жумгалдагы Сары-Көл. Ал Жумгал суусунун алабында жайгашып, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат, аянты 36 гектар. Бул геолог, геоморфолог, географтар жана ландшафт таануучулар үчүн абдан кызыктуу көл болуп эсептелет. Жер титиреп, тоонун капталы көчүп түшүп, ал дарыяны бөгөп, андан көл пайда болгон. Көлдүн суусу жердин асты менен чыгат. Бир жагы жар, экинчи жагы карагайлуу болуп турат. Мындай кооз көлдөр Чүй облусундагы Кеминде, Кегетиде да кездешет.

Көл-Суу

Көл-Суу (Көл-Тетири деп да аталат) — мөңгүлөрдөн чыккан көл. Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда ири жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон. Суу аска-зоолордун ортосундагы чоң жаракада кысылып тургандай элес калтырат. Узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.
Кыргызстандагы эң сырдуу көл – видеоинфографика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу
Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан. Кызыгы, Көл-Суу бир убакта "жоголуп" кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып чыгат. Кышында бул агын суу тоңуп, жайында көлгө суу кайрадан толот. Жергиликтүү тургундардын байкоосу боюнча, кыш жылуу болуп кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.
Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн. Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт.
Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсү ачык көгүш же жашыл болуп өзгөрүп турат.
Көл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0