Лебединовка айылында 19 жаштагы кыз жоголду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы кыз өткөн жылдын 30-августунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Милиция элден аны табышып коюуга жардам сурады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Дайынсыз жоголуп кеткен Айдана Зоотпекова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
"Зоотпекова Айдана Зоотпековна 2002-жылы төрөлгөн. Ал 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес", — дешти милициядан.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, ийинине чейин жетет, көзү кара.
Үстүнө жука кызыл куртка, ак сызыктары бар кызыл водолазка кийип жүргөн. Бутунда кара ботинка болгон.
Кызды көргөн-билгендер болсо (0312) 36-35-27, (0999) 21-07-09, (0709) 21-18-08, (0550) 34-33-63, (0778) 00-09-99 номерлерине же 102ге кайрыла алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0