Министр: Pfizer вакцинасынан баш тарткан жокпуз, алганга каражат жетишсиз

© REUTERS / DADO RUVICPfizer вакцинасы. Архив
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр вакциналар боюнча Глобалдуу альянс (COVAX) өлкөгө Pfizer фирмасынын препаратын карап чыгууну жана 1,2 миллион дозаны акысыз жеткирип берүүнү сунуштаганын эске салды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан америкалык компаниянын коронавируска каршы Pfizer вакцинасынан баш тарткан жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Вакцинация от коронавируса в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту
"Биз Финансы министрлигине кат жаздык, бирок ал жакта акча жок деп жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасынан баш тарткан жок. Эгер акча чыгып калса, биз муздаткычтарды сатып алабыз. COVAX альянсынын тизмесинде дагы жети вакцина бар. Эгер башкасын сунуштап, алар жеткиликтүү болсо, кошумча кабарлап коебуз", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, бүгүн эртең менен министр Кыргызстан каржы маселелеринен улам Pfizer вакцинасынан баш тартып жатканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0