Туугандарыныкында жүргөн. Изделип жаткан 19 жаштагы кыз табылды

Жазылуу
Айдана 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Айдана Зоотпекова табылды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин милиция Айдана Зоотпекова аттуу кыз изделип жатканын билдирген. Ал 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Маалым болгондой, бул аралыкта Айдана туугандарыныкында жашап жүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0