Каза болгон бейтапты күндүзгү стационардан алып кетүү. Архивдик сүрөт

COVID-19дун биринчи толкунунда өкмөт кандай ката кетирген. Комиссиянын жообу

(жаңыланган 12:20 20.01.2021)
Коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишинде бир топ мүчүлүштүктөр болгонун атайын комиссия иликтеп чыкты. Фактыларды тыкыр талдоо үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын COVID-19дун биринчи толкуну учурунда кандай кемчиликтерди кетиргенин аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков аталган комиссиянын маалыматын укту.

COVID-19дун биринчи толкунунда мамлекеттик органдардын ишинде кандай мүчүлүштүктөр болгон:

  • каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар бар;
  • коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы. Тактап айтканда, маанилүү дары-дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган;
  • дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, ата мекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 1-июлда гана ала алган. Натыйжада маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алып келинип, ал препараттардын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келген;
  • гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү натыйжалуу болгон эмес. Мисалы, өлкөгө келген гуманитардык жардам менен ооруканаларга берилген жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмачылык бар;
  • дарылоонун экинчи протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Кийин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында бул препараттар ири көлөмдө табылды;
  • мамлекеттик органдар комиссияга "Семетей" госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, ошондой эле профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчёт берген эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды тыкыр талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, ЖК депутаттары, журналисттер, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү кирген.

Белгилер:
өкмөт, толкун, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2666)
Тема боюнча
Боронов сурактан чыгып, Финпол эмнеге чакырганын айтып берди
Санэпидем дарыгери: коронавирустун экинчи толкуну качан бүтөрү белгисиз
ДССУ: 2021-жылы коронавирустун үчүнчү толкуну башталат деген коркунуч бар
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Милиция кызматкерлерин фуражкалары. Архив

Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

(жаңыланган 22:52 20.04.2021)
Анын ичинде кылмыш катталган жерге медициналык кол капты таштап салуу фактысы боюнча да иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.

Ким кандай жаза алды:

  • Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Белгилер:
Айзада Канатбекова, жаза, сүрөт, өлүм, кызматкер, милиция, кылмыш
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Тема боюнча
Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес