Адис: Япония менен Кореянын жарандары КРге кызыгат, бирок келе албай жатышат

© Sputnik / Асель СыдыковаТоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров
Тоодогу куткаруу кызматы коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм тармагындагы адистин айтымында, Кыргызстанга чыгыш өлкөлөрүнүн жарандарынын кызыгуусу күч. Бирок алар келиш үчүн жолго эле эки күндөй убакыт коротушу керек.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Япониялык жана түштүк кореялык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгышат. Бирок ыңгайлуу аба каттамдары жок болгондуктан келгиси келбейт. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмне себептен Кыргызстан кышта туристсиз калуу коркунучуна кептелди? Тоо лыжа базаларындагы абал" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн эки өлкө тең ири рынок болуп бере алат.
"Эгер туризм тармагындагы программаларды ишке ашыра турган болсок, перспективасы күчтүү рыноктордун бири Япония болуп эсептелет. Азыр деле бизге япониялыктар көп келишет, бирок аларга учуп келүүгө ыңгайлуу эмес. Токиодон Бишкекке келүүнүн эң жакын жолу Москва аркылуу жайгашып, эки күнгө созулат. Нур-Султан шаары аркылуу келсе деле ушунча убакыт кетет", — деди ал.
Комиссаровдун айтымында, Түштүк Корея менен дагы ушул сыяктуу кырдаал түзүлгөн.
Өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министрдин милдетин аркаруучу Артем Новиков жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Новиков мамлекетке караган туристтик объектилердин баары чыгашалуу экенин айтты
"Түштүк Корея — эң сонун рынок, бул өлкөнүн жарандары Кыргызстанга көп каттайт. Төрт жыл мурда Бишкек — Сеул каттамы ачылган, бирок кардар жок болгондуктан, жарым жылдан кийин жабылып калган. Биз каттамды аткарган авиакомпания даярданбай туруп иш баштап алганына таң калганбыз. Жадагалса жергиликтүү туроператор каттам ачылгандыгы боюнча ЖМКлардан угушкан", — деди адис.
Ал кошумчалагандай, башка мамлекеттер кайсы бир өлкөгө аба каттамын ачуу үчүн алгач туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, кардар чогултушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0