Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда туризмдин өнүкпөй жатышынын төрт себеби айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" тоо базасындагы туристтер. Архив
Каракол тоо базасындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис санап берген көйгөйлөрдүн эң башкысы — туризм тармагындагы мамлекеттик саясаттын чабалдыгы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров Sputnik агенттигинде өткөн брифингде Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан төрт көйгөйдү тизмектеп берди.
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров
Руководитель Ассоциации горных гидов Владимир Комиссаров - Sputnik Кыргызстан
"Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров
Анын айтымында, бул маселелер туризм тармагы үчүн абдан маанилүү экенине карабай канча жылдан бери чечилбей келет.
"Башатында туризм тармагы боюнча мамлекеттик саясаттын чабалдыгы турат. Калган көйгөйдүн баары ушундан улам келип чыккан", — деди эксперт.
Экинчи маселе катары адис Кыргызстандын чет жакта анча таанымал эместигин белгиледи.
Вечернее катание на горном курорте  Красная Поляна - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
КРде дүйнөдө тыюу салынган аркан жол колдонулат. Адис лыжа базалары тууралуу
"Биз өлкө ар кандай эл аралык рейтингдерде орун алды деп көп айтабыз, бирок иш жүзүндө Кыргызстан тууралуу сыртта көп биле беришпейт. Булар биздин потенциалдуу рынок. Мында кеп алыскы европалык мамлекеттер жөнүндө болууда", — деди Комиссаров.
Үчүнчүдөн, туризмдин өнүгүшүнө чет элдиктердин Кыргызстанга кыйынчылык менен жетүүсү бөгөт болуп жатат. Республикага болгону төрт ири авиакомпания эл ташыйт.
Төртүнчү көйгөй туристтердин коопсуздугуна байланыштуу.
"Кырсык болуп кетсе эмне болот? Куткаруучу тик учагыбыз жок, турист тоодо каза таап калышы толук ыктымал. Туризм тармагындагы башкы көйгөй — жардам көрсөтүү кепилдигинин жоктугу", — деди эксперт.
Комиссаров буга чейин Кыргызстандагы лыжа базаларынын кооптуулугу тууралуу айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0