Кызыктуу жашообуздун бир эле принциби бар. Издешпей табышкан Дайырбековдор

© Фото / Саламат ИмановРежиссер Айбек Дайырбеков с супругой Толкун Дайырбековой
Режиссер Айбек Дайырбеков с супругой Толкун Дайырбековой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иште да, үйдө да бири-бирин толуктап, эл көзүндө жүргөн жубайлардын катарында режиссер Айбек Дайырбеков менен келинчеги Толкун Дайырбекова да бар.
Жубайлар кыргыз киносуна салым кошуп, алар жараткан тасмалар эл аралык кинофестивалдарга катышып келет.
Дайырбековдор Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын коногу болуп, аял-эркек ортосундагы мамиле, түшүнүшүү, жумуш, балдардын тарбиясы тууралуу ой бөлүштү.
— Чыгармачыл үй-бүлөнүн жашоосу да кызыктуу болсо керек. Айрыкча кино тарткан адамдардыкы элдикинен башкача деп айтышат.
Журналист Азамат Киязов и радиоведущая Жанылай Алиева - Sputnik Кыргызстан
Аяп, күтүп, сыйлап... Издешпей табышкан Азамат Кыязов менен Жаңылай Алиева
Айбек Дайырбеков: — Андай жагы бар. Бир жолу съемкада жүрсөк, айылдагы байкем "киноң деле өзүнчө азап экен. Биздин жумуш саат алтыда бүтөт, бүтпөсө бешинчи күнү бүтөт, анда бүтпөсө күздө бүтөт. Силердин жумуштун деги бир аягы көрүнбөйт турбайбы" деп айткан эле. Анысы кандай, биз съемка, фестиваль деп жүрүп күн кантип өтүп жатканын билбей калабыз. Башка жумуштагылар үйүнө барып эс алса, биздики үйгө барганда деле улана берет. Мисалы, жаңы идея келип калса дароо Толкунга айтам. Күйөрманым да, угарманым да Толкун. Ага айтып жатып кандай тасма тартарымды алдын ала эле ойлоп, элестетип коем.
Толкун Дайырбекова: — Жашообуз башка үй-бүлөлөрдүкү сыяктуу эле, бирок сиз айткандай кызыктуу. Ар дайым жаңы нерселерди биринчи угасың. Жаңы идея, жаңы сценарий, жаңы тема, жаңы долбоор жаралганда аны биринчи талкуулайсың. Ошол нерселерди талкуулоонун өзү кызыктуу. 
© Sputnik / Табылды КадырбековТолкун Дайырбекова: азыр үйдөн мурдагыдай жалаң кино жөнүндө сүйлөшпөй калдык. Мурда болсо, айрыкча, "Дарак ыры" тасмасы менен иштегенде күнбү-түнбү, эки сөзүбүздүн бири эле ошол болуп калган
Супруга режиссера Айбека Дайырбекова Толкун Дайырбекова - Sputnik Кыргызстан
Толкун Дайырбекова: азыр үйдөн мурдагыдай жалаң кино жөнүндө сүйлөшпөй калдык. Мурда болсо, айрыкча, "Дарак ыры" тасмасы менен иштегенде күнбү-түнбү, эки сөзүбүздүн бири эле ошол болуп калган
— Балдарыңыздар да бул тармакты жакшы өздөштүрүп калса керек.
Т.Д.: — Ооба. Мисалы, Айбек кино тартарда сценарийин өзү жазып, өзү тартып, өзү монтаж жасайт. Тарткандан башка процессинин баары үйдө болгондуктан балдар билинбей аралаша берет. "Дарак ыры" тасмасын тартуу иштерине мен продюсерлик кылып, баштан-аяк катыштым. Экөөбүз эшикте деле, үйдө деле ошону эле сүйлөшүп калганбыз. Анан жайкысын балдар үчүн кино лагерь уюштурчубуз. Ал жакка өзүбүздүн чүрпөлөрдү да кошо ала барабыз. Ошентип жүрүп бала өзүнөн өзү бул дүйнөгө кирип кетет экен.
Улуу уулубуз эки тасмага тартылды, өзү да кыска метраждуу тасма жаратты. Эгер бала ушул багытты тандагыдай болсо, анда аны колдоп, кеп-кеңешибизди беребиз. "Жок, башка тармакка кетем" десе дагы ал анын тандоосу болот. Өзүбүз кино дүйнөсү менен аралашып жүргөнүбүз менен балдарыбызды ага үгүттөбөйбүз деле. Кандай багытты тандабасын, биз аларга колдоо гана көрсөтөбүз.
Азыр үйдөн мурдагыдай жалаң кино жөнүндө сүйлөшпөй калдык. Мурда болсо, айрыкча, "Дарак ыры" тасмасы менен иштегенде күнбү-түнбү, эки сөзүбүздүн бири эле ошол болуп калган. Анын үстүнө бул тасманы жаратууда жумуштун басымдуу бөлүгүн Айбек экөөбүз жасадык. Ал тартып, монтаждаса, мен продюсер болчумун. Жалаң ошол темада гана сүйлөшүп калганбыз.
А.Д.: — Акыр-аягы "үйгө барганда кино жөнүндө сүйлөшпөйбүз" деп өзүбүзгө чек койдук. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек Дайырбеков: жаңы идея келип калса дароо Толкунга айтам. Күйөрманым да, угарманым да Толкун
Режиссер Айбек Дайырбеков - Sputnik Кыргызстан
Айбек Дайырбеков: жаңы идея келип калса дароо Толкунга айтам. Күйөрманым да, угарманым да Толкун
— Айбек байкени режиссер катары билебиз. Толкун эже, сиз да ушул тармак боюнча билим алдыңыз беле?
— Жок, мен кесибим боюнча финансы адисимин. 9-классты бүткөндөн кийин Финансы техникумуна тапшырып, экономика жана финансы адистигин аяктадым. Андан кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясында банк иштери адистигин бүтүргөм.
— Экөөңөр таптакыр эки башка кесиптин ээлери турбайсыңарбы. Тагдыр жолуңар кайдан, эмне болуп кошулду эле?
Ырчылар жана жубайлар Аскат Мусабеков жана Миргул Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
А.Д.: — Экөөбүз 2004-жылы Ысык-Көлдөн таанышканбыз. Анда жаш лидерлердин лагерин уюштуруп, мен ал жакка уюштуруучу, ал эми Толкун катышуучу катары барган. Ошол жактан таанышып, кийин сүйлөшүп калдык.
Т.Д.: — Сүйлөшүп жүргөндө Айбек "Боз салкын" тасмасына иштеп кетти. Кино тартылып бүткөндөн кийин үйлөндүк. Үйдө кино тууралуу сөз болуп жатып эле мен Айбектин ишине ооп кеттим окшойм.
Бирок бул чөйрөдө деле чыгармачыл адам катары эмес, өзүмдүн кесибим менен иштедим. Тагыраагы, бухгалтер болдум. Кийин Айбек "Кыргыз киносу" кинотеатрын ачканда дагы каржы жаатын карап, ошол жактан кол кабыш кылып жүрдүм.
— Айбек байке, өмүрлүк жар тандоодо анын кесиби же иштеген ишине кароо маанилүү деп ойлойсузбу?
А.Д: — Мектепте окуп жүргөндө классташтарың анкета берип "Идеал туткан адамың ким, идеалдуу аялың кандай болот?" деген суроолорду бере берчү эмес беле? Ошондой анкетаны деле түшүнчү эмесмин. Кантип ала элек аялыңды же күйөөңдү тизме түзүп алып тандамак элең? Идеалдуу адам жок. Сен портретин түзүп алып издесең, андай адам табылбай калса эмне кыласың? Акылдуу болсо, башка бир жери жакпай калышы ыктымал. Ошондуктан мен болочок өмүрлүк жарымдын портретин түзгөн эмесмин. Аялым бул кесиптин ээси болсун, тигил жакта иштесин деп да элестетчү эмесмин.
Кесипти да ошондой жол менен тандагам. Негизи эле турмушта чечимдерди башкача жол менен кабыл алам. Маселен, кесибимди тандап жатканда көп ойлондум. Кино тартпай башка кесип менен кетсем карыганда бактылуу боломбу деп элестетчүмүн. Башка кесипти окуп, андан ийгиликке жетип, үй алып, автоунаалуу болуп, бирок кино тартпасам бактысыз болорума көзүм жетип, ушул багытты тандап алгам. Анан кино дүйнөсүнө баш-отум менен кириштим. Толкунду көргөндө ага үйлөнөм деп ойлогон эмесмин. Бирок жакындан таанышкандан кийин ал менин адамым экенин түшүнүп, 80-90 жашка чыкканда Толкун жанымда болсо, бактылуу болот экенмин деп туруп үйлөнгөм. 
© Фото / Айбек ДайырбековАйбек Дайырбеков: "Балаңды канчалык жакшы тарбиялаба, ал өзүңө окшошуп калат" деген жакшы сөз бар экен. Бул чын эле туура
Режиссер Айбек Дайырбеков - Sputnik Кыргызстан
Айбек Дайырбеков: "Балаңды канчалык жакшы тарбиялаба, ал өзүңө окшошуп калат" деген жакшы сөз бар экен. Бул чын эле туура
— Толкун эже, кино жаатына билинбей аралашып кеттим деп жатпайсызбы. Эми бул өзүнчө бир дүйнө болгон чөйрөдөн чыга албай калган чыгарсыз.
— Ушул чөйрөгө аралашып калам деген деле ой жок болчу. Ата-энем экөө тең каржы жаатында иштеген адамдар. Апам "кийин өзүңдүн ишиңди алып кетиш үчүн финансы жаатында билимиң болушу керек" деп жүрүп, 9-классты бүтөрүм менен ушул багытты тандадым. Анда кийин банкта иштейм, өз ишимди ачам деген кыялдар бар эле.
Анан режиссерго турмушка чыктым, бала-чакалуу болдук. Ошентип кино деген дүйнөгө турмуштун нугу менен эле өтүп кеттим. Бул чөйрөгө Айбекти моралдык жактан колдоо максатында аралаштым десем жаңылышпайм. "Дарак ыры" тасмасын тартууга аттанып алгандан кийин балдарым, алардын келечеги үчүн ушул кино тартылышы керек деп жатып Айбекке колуман келген жардамды бердим. Азыр кино чөйрөсүндө эмесмин, башка жакта иштеп жатам. Бирок андагы жаңылыктарга кызыгып, эмне болуп жатканын сурап турам. 
© Фото / Айбек ДайырбековТолкун Дайырбекова: Балдарымды өз алдынча болууга көбүрөөк тарбиялайм
Супруга режиссера Айбека Дайырбекова Толкун Дайырбекова - Sputnik Кыргызстан
Толкун Дайырбекова: Балдарымды өз алдынча болууга көбүрөөк тарбиялайм
— Ар бир үй-бүлөгө турмуштук сыноо, кыйынчылык келсе керек. Сиздер мындай кырдаалдан кантип чыгасыздар, аны кантип жеңип келе жатасыздар?
Т.Д.: — Кудайдын алдында чоң сыноолор келди деп айтканга болбойт, баары кудайга шүгүр. Мен үчүн жаңы үйлөнүп Айбек Казакстанга кетип иштеп жүргөн жылдар бир аз кыйын болгон. Ал учурда балдар менен же кош бойлуу болуп жалгыз калчумун. Бирок анын баарын алдын ала сүйлөшүп, макулдашып алгандыктан мен нааразы болгонго акым жок эле. Анткени Айбекти ал жакка өзүм макул болуп кетиргем. Ошол учурдун эле кыйынчылыгы болбосо, калганы жакшы. Кыйынчылык бизде көбүнчө ич ара эмес, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда жаралчу.
Актриса театра и кино Альбина Имашова с мужем - Sputnik Кыргызстан
Жумушта, үйдө, тойдо да чогуубуз. Издешпей табышкан Альбина менен Арнис
Анан Айбек экөөбүз бири-бирибизге жумуштан сапат жагынан, убакыт жагынан бир топ талаптарды коюп, ошол нерседен келишпестик жаралчу. Биз көп нерсени алдын ала сүйлөшүп алчубуз. Ошол себептен ич ара мамиле боюнча уруш-талаш болгон жок.
А. Д.: — Үйдө баарын башынан эле сүйлөшүп алганбыз. Маселен, менин кийимим жыртык болсо же идиш сынып кетсе, ошол чырды пайда кылган теманы гана сүйлөшөбүз. Ал темадан алыс кетип, бири-бирибизге, анан туугандарга өтпөйбүз.
Көпчүлүк үй-бүлөдө глобалдуу уруш-талаш майда нерседен башталат. Ал чоңоюп отуруп ажырашууга чейин жетет. Мисалы, бир үйдө күйөөсү таксист болуп иштейт дейли. Аялы аны кечинде 500 сом таап келет деп күткөн. Бирок жолдошу 200 сом эле алып барып, уруш ошондон башталат. Акчадан башталган талаш акыры экөөнө, анан ата-энелерине чейин жетет. Анан кыял-жоруктары кошулуп, талашып жатып калышат. Баягы 200 сомдон башталган чыр чоң урушка айланып кетет.
Мындай нерселерди алдын алуу максатында биз баарын башында эле сүйлөшүп, макулдашып алабыз. Жумушта да, үйдө да ушундай принцип бар. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек Дайырбеков: Үйдө баарын башынан эле сүйлөшүп алганбыз. Маселен, менин кийимим жыртык болсо же идиш сынып кетсе, ошол чырды пайда кылган теманы гана сүйлөшөбүз
Режиссер Айбек Дайырбеков с супругой Толкун Дайырбековой - Sputnik Кыргызстан
Айбек Дайырбеков: Үйдө баарын башынан эле сүйлөшүп алганбыз. Маселен, менин кийимим жыртык болсо же идиш сынып кетсе, ошол чырды пайда кылган теманы гана сүйлөшөбүз
— Казан-аяк кагышкан учурда эркектердин көбү унчукпай сыртка чыгып кетип, жини тарагандан кийин келип сүйлөшөбүз деп айтып калышат.
А.Д.: — Аял менен эркектин табияты эки башка. Аял баарын ачык айтып сүйлөшкөндү жакшы көрсө, эркек унчукпай коюп кутулат. Бирөө айтып, бирөө үндөбөй үй-бүлөнү сактап калгылары келет.
Аял сүйлөнүп баарын айтып баштаганда эркек таптакыр эле маани бербей койбой, "ии" деп угуп койгону жакшы. Анткени аял ошол үй-бүлөнү сактап калыш үчүн баарын ачык сүйлөшкүсү келет. Бирок кечке эле мээсин чагып туруп албай, жолдошу "ии" дегенде түшүнүп, убагында өзүн кармап басып кеткени жакшы. Анткени эркек да уруш чыгып, тилим тийип кетпесин деп үн катпай отурат да.
Т. Д.: — Биз бирибиздин жинибиз келип жатканда экинчибиз унчукпай калганга аракет кылабыз. Адам эмнеге жини келип жатканын так билиши керек экен. Мен башында башкага эле жиним келсе, үйдөн чыгарып алчумун. Азыр антпейм, анализдеп калдым. Андан сырткары, Айбек менден улуу, акылдуу, көптү билет. Ошондуктан андан көп нерсени талаша бербейм.
А.Д.: — Адам урушкусу келгенде эң күчтүү эмоциялар 12 мүнөт эле жашайт экен. Андан кийин жин тараш керек. Бирөө жиниңе тийген учурда аны ошол жерден айтып чыгарып алыш керек. Айрымдар жумуштан жетекчисине жини келсе айтпай сактап жүрө берет да, үйүнөн, аялы, балдарынан чыгарат. Анткен болбойт. Бир сөз менен болсо дагы ошол жерде калтырганы жакшы. 
— Пайдубалы күчтүү үй-бүлө түзүш үчүн жубайлардын ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар?
Музыканттар Нурайым Азыкбаева менен Назбек Кенчинбаев - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүбүз көп тоскоолдукту жеңди. Издешпей табышкан Назбек менен Нурайым
Т.Д.: — Биздин үй-бүлөнүн пайдубалынын бекем болушуна ата-энебиздин тарбиясынын салымы көбүрөөк. Ата-энелерибиз жашообузга эч качан кийлигишкен эмес. Кудалар бири-бирин сыйлап, бири-бири жөнүндө жаман нерсе айткан эмес. Ошого ыраазымын. Алар бири-бирин концерт, киного чакырып, кудалар партиясын түзүп алышкан. Ошол нерсе жеке биздин үй-бүлө үчүн күч-кубат, түрткү берет. Алар бири-бирин колдоо менен биздин үй-бүлөнүн өзөгүн да кармап турушат. Ата-энелерибиз ушундай ынтымактуу болуп жаткандан кийин андан аркысын улап кетүү өзүбүздөн деп ойлойм. Алар Айбек экөөбүзгө ишенишет. Кандай учур болбосун, колдоосун аяшпайт. Мисалы, кинотеатрды иштетерде ири суммада насыя алганбыз. Башында кооптонушкан, бирок биз ал ишти андан ары алып кеттик. "Дарак ыры" тасмасын тартарда дагы өтө көп каражат салганбыз. Анда да кооптонушту, бирок жолтоо болбой колдоп-коштоп беришти.
Айбектин ийгиликке жетиши биринчи кезекте мага керек. Ошол себептен мен анын кылган ишин, максаттарын колдоого даярмын. "Иши кылса акча тап" деген позиция жок. Тескерисинче, "биз атабыз менен сыймыктанышыбыз керек, балдарым кийин сыймыктанышы керек, ал үчүн биз колдоо көрсөтүшүбүз зарыл" деген позициядамын. Ошол эле учурда өзүмдү да унутпайм. Анткени жеке жашоомдо менин дагы максат, миссияларым бар. Балдарым мени менен да сыймыктангандай болушун каалайм. Айтор, баарын бирге алып кетүүгө аракет кылып жатам. 
© Sputnik / Табылды КадырбековТолкун Дайырбекова: Айбектин ийгиликке жетиши биринчи кезекте мага керек. Ошол себептен мен анын кылган ишин, максаттарын колдоого даярмын
Режиссер Айбек Дайырбеков с супругой Толкун Дайырбековой - Sputnik Кыргызстан
Толкун Дайырбекова: Айбектин ийгиликке жетиши биринчи кезекте мага керек. Ошол себептен мен анын кылган ишин, максаттарын колдоого даярмын
— Бала тарбиялоодо эмнеге өзгөчө көңүл бурасыздар?
А.Д.: — "Балаңды канчалык жакшы тарбиялаба, ал өзүңө окшошуп калат" деген жакшы сөз бар экен. Бул чын эле туура. Баарыбыз баланы жакшы тарбиялаганга аракет кылабыз, бирок жеке өзүбүздү унутуп коебуз. Бала ата-эненин жүрүм-турумун кайталайт.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссёр Ырыс Окенованын үй-бүлөсү - Sputnik Кыргызстан
Кеп-сөзгө карабай үйлөнгөнбүз. Издешпей табышкан Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова
Т.Д.: — Турмушка 18 жашымда чыгып, көп нерсени кийин түшүндүм. Башында балдарга талапты катуу койчумун. Азыр көбүрөөк көңүл буруп, мээрим төккөнгө аракет кылам. Кыз баланы жашоо-турмушка тың кылып тарбиялаган жакшы. Анткени ал турмушка чыгат, тың болсо өзүнө эле пайда. Эркек баланы тарбиялоодо өз алдынча болууга басым жасаган оң деп ойлойм. Анткени ата-энеси бөпөлөп чоңойткон бала кийин чоркок болуп, анын айынан турмуштун сыноосуна чыдай албай, ал ажырашууга чейин жеткириши ыктымал.
Балдарымды өз алдынча болууга көбүрөөк тарбиялайм. Мага да үйдөгүлөр ошондой тарбия берип, турмушка эрте бышырган. 18 жашымда күйөөгө тийсем да кыйналган жокмун. Кыздарым андай эрте турмушка чыксын дебейм, бирок чет өлкөгө окууга барып калышы мүмкүн. Анын баарына баланы даяр кылып көндүрө берген жакшы экен.
Балдардын билиминен да акча аябайбыз. Кымбат кийинбесек дагы алардын жакшы окуп, чөйрөсү жакшы болушун каалайбыз. Үч балабыз бар, үчөө тең жеке менчик кыргыз тилдүү мектепте билим алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0