Бекешев: COVID-19га каршы вакцина менен алгач президент, премьер, төрага эмделсин

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат жаңы шайланган президент инаугурациядан кийин кайсы вакцинаны алуу керектигин айтып, өзү биринчи эмделип элге көрсөтүп берет деп үмүт артты.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Коронавируска каршы кайсы вакцинаны тандабайлы, алгач өлкөнүн биринчи адамдарын эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү элди ишендирүү үчүн ушундай кадамга барыш керек деп эсептейт.
"Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, саламаттык сактоо министри алгач өздөрү үлгү катары түз эфирден вакцина сайдырсын. Ошондо эл бул вакцинаны колдонсо болот экен деп ишенет. Андай болбосо, көрүп жатасыздар го, вакцинаны айрым мамлекеттин жетекчилери колдонушпайт. Дарыгерлерди "милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрөсүңөр" деп мажбурлаган болбойт", — деди Бекешев.
Ошону менен бирге ал жаңы шайланган президент инаугурациядан кийин кайсы вакцинаны алуу керектигин айтып, өзү биринчи эмдөөдөн өтүп берет деп үмүт артты.
Жаңылыктар түрмөгү
0