БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Баткен облусунда 2020-жылы коронавирус инфекциясын эске албаганда дээрлик бардык жугуштуу оорулар азайган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
"Мунун себебин адистер COVID-19 инфекциясына байланыштуу жарандардын санитардык-гигиеналык талаптарды жакшы сактагандыгы менен байланыштырат. Ошондой эле карантиндик чектөөлөрдөн улам жарандардын коомдук жайлардан оолак болушу, бет кап кийиши, туура жана витаминдүү тамактангандыгынын таасири дешет", — деп айтылат маалыматта.
Маселен, курч ичеги-карын оорусу менен 2019-жылы 3591 бейтап катталган болсо, 2020-жылы 1655 оорулуу кайрылган. Салыштырмалуу 1936 кишиге аз.
Вирустук гепатит менен 2019-жыл ичинде 1640 адам кайрылып, 2020-жылы 642 оорулууга азайган. Вирустук гепатит оорусунун В түрү менен 2019-жыл ичинде — 26, ал эми 2020-жылы 9 учур катталып, салыштырмалуу 17 учурга азайган.
Вирустук гепатит оорусунун С түрү 2019-жыл ичинде 4 учур, ал эми 2020-жылы 1 учур катталып, 3кө азайган.
Кургак учук менен ооругандар 2019-жылы 308 болсо, былтыр 52ге азайган.
Бир гана бруцеллез менен ооругандар 2019-жылы 50 адам болсо, 2020-жылы 11ге көбөйгөн (61).
Ал эми былтыр паратиф А жана В, ошондой эле сибирь жарасы кездешкен эмес.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы "Ордо" муниципалдык жаштар борборунун жаңы салынган имараты расмий иштеп баштады. Бул тууралуу ачылыш аземге катышкан аймактык кабарчы билдирди.
Аталган борбор жаштарды шаардагы социалдык-экономикалык жана коомдук турмушка кеңири тартуу максатында уюшулган. Ага Япония өкмөтү 43 миң доллар берип, долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы жүзөгө ашырган.
"Бул жерге шаардын потенциалдуу жаштары чогулат. Биргелешкен пландарды түзүп, жергиликтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнө катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович.Борбордо жергиликтүү активдүү жаштар биригип, демилгелерди көтөрүп, кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишке ашырууга шарт түзүлөт. Ошондой эле жаштар саясатын калыптандырып, ишкердикке багыт алып, калааны өнүктүрүүгө салым кошууга түрткү болору белгиленди.
Ачылыш салтанатка Япониянын элчилигинин жана БУУнун өнүктүрүү программасынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдөрү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү жана шаар жаштары катышты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда.
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы.
"Бүгүн, 25-февралда, мындай жарманке Жумгал районунун Куйручук айылында өткөрүлдү. Аталган айылдагы мал базарга келген район тургундары жарманкеге да катышып, керектүү азык-түлүк, буюм-тайымдарын арзаныраак баада алышты", — деп айтылат маалыматта.
Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:
Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.
Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.
Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.
Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.
Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.
Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.
Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.
РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.
Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.
Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.
Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.
Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.
Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту: