Вирустан эки киши көз жумуп, 118 киши жуктурду. 22-январга карата маалымат

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 118 киши жуктурду, ал эми 155 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 47;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 23;
  • Ош облусу — 10;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 10;
  • Ысык-Көл облусу — 14;
  • Жалал-Абад облусу — 8;
  • Баткен облусу — 0.
Жалпысынан 83 703 кишиден коронавирус аныкталган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 58;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 46;
  • Ош облусу — 13;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 19
  • Жалал-Абад облусу — 11
  • Баткен облусу — 3.
Айыккандардын жалпы саны 79 664 болду.
Медайым ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун пайдасы: Баткенде башка жугуштуу оорулар азайды
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.
Стационарда 697 дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандырарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 017 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0