Финполдун Ички иликтөө башкармалыгынын башчысы Токоев эки айга камалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финполдун жооптуу кызматкери 2014-2020-жылдары көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мурдагы вице-мэри эки айга тергөө абагына камалды
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0