Комиссия июль апаатында COVID дарылары эмнеге жетишсиз болгонун аныктады

© AP Photo / Vladimir VoroninТүнкү стационардагы медицина кызматкелери жана бейтап. Архив
Түнкү стационардагы медицина кызматкелери жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даяр протоколду бекитип, колдонууга буйрук чыгарууга Саламаттык сактоо министрлиги 1,5 ай убакыт короткон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эл көп каза болгон былтыркы июль айындагы дарылардын жетишсиз болушуна коронавирустан дарылоо боюнча протоколдун 1,5 ай бою колдонууга чыкпаганы себеп болгон. Бул тууралуу Пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволук комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.
Анын айтымында, клиникалык протоколдун үчүнчү версиясы май айынын башында даяр болгон, бирок аны Саламаттык сактоо министрлиги 18-июнда гана бекиткен.
"Анысы аз келгенсип ушул протокол менен дарылоо тууралуу буйрук дагы эки аптадан кийин чыккан. Ошентип, керектүү дарылардын тизмеси фармацевтикалык компанияларга 1-июлда берилген. Башкача айтканда, даяр протоколду бекитип, колдонууга буйрук чыгарууга Саламаттык сактоо министрлигинин 1,5 ай убактысы кеткен. Мунун арты менен адам өмүрүнө маанилүү делген антикоагулянттар жана башка дары-дармектер убагында келбей калган", — деди Турсунбекова.
Медициналык кызматкер эмдөө үчүн шприц даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID: Сурабалдиева КРде июнга чейин вакцинация болбой турганын айтты
Ошондой эле ал медиктерди коронавирустан дарылоо боюнча башында окутпаганын, болгону коргоочу кийимдерди кантип кийип-чечүү керектигин гана үйрөткөнүн кошумчалады.
Айдай Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон Чыныбай Турсунбековдун кызы.
Жаңылыктар түрмөгү
0