Автобус менен троллейбуска жол кирени көтөрөлү. Бишкек мэриясынын сунушу

© Sputnik / Табылды КадырбековТроллейбустан түшүп жаткан адам. Архив
Троллейбустан түшүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия муниципалдык транспортто жол кирени көтөрүү азырынча сунуш иретинде гана айтылганын билдирди. Эми маселени Экономика министрлиги талдап көрүшү керек.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобус менен троллейбустун дагы жол киресин жогорулатууну сунуштап жатат.
Учурда көздөгөн жерге жетип алуу үчүн бир киши 8 сомдон төлөшү керек. Ал эми муниципалитет бул сумманы 10 сомго жеткирүүнү каалап жатат.
Ситуация в Бишкеке после забастовки маршрутников - Sputnik Кыргызстан
Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына түшүндүргөнүнө караганда, бул маселе бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келе жатат.
Анын айтымында, көптөн бери коомдук транспорттун бардык түрүнүн жол киресин эки сомго көтөрүү пландалган. Анын ичинде маршруткалар дагы бар болчу. Бирок алардын бир нече күн мурунку нааразычылык акцияларында келтирген жүйөлөрүнөн улам мэрия тарифти 15 сомго чыгарууга макул болгон.
"Муниципалдык транспортто жол кирени көтөрүү азырынча сунуш иретинде гана айтылды. Эми аны Экономика министрлигине жөнөтөбүз, ал жакта дагы талдоо жүргүзүлөт. Маселе мурда эле көтөрүлүп келген. Буга инфляция, тетиктердин бааларынын көтөрүлүшү себеп болуп жатат. Негизи эле жашоо кымбаттады, демек, айдоочулардын айлыгын көтөрүү керек. Биз маршруткаларда пенсионерлер менен балдар 15 эмес, 8 сомдон жүрсүн деп сунуштап жатабыз. Ал эми муниципалдык транспортто карылар менен 1-класстын окуучулары акысыз жүрүшөт", — деди Тулөбаев.
Эске салсак, 18-19-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Анда Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0