Комиссия Республикалык штабдын пандемиядагы эң биринчи катасын атады

Жазылуу
Комиссиянын иликтөөсүндө оору массалык түрдө жайылып кетсе, кандай кадамдарга баруу туурасында сценарий каралбаганы айтылат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирустун өлкө аймагына жайылып кетерин эске албай, чектөө жолдору менен гана алектенип туруп алган. Бул тууралуу пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.
Түнкү стационардагы медицина кызматкелери жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Комиссия июль апаатында COVID дарылары эмнеге жетишсиз болгонун аныктады
"Башка өлкөлөрдө вирус жайылгандан кийин, ооруканалардын жүгүн жеңилдетүү максатында карантин киргизилип, аны менен бирге саламаттык сактоо системасын чыңдаган. Тилекке каршы, бизде дүйнөнү каптаган оору өлкөгө келбечүдөй мамиле кылып, жазда бир гана сценарий менен иштешкен. Мунун натыйжасында жайындагы апааттын кесепетин азайтууда убакытты уттуруп койдук. Штаб 30-мартта Саламаттык сактоо министрлигине жасалма дем алдыруучу аппараттардын санын тактоо тапшырмасын берген. Бирок ал аткарылбай, ушул эле тапшырма 13-майда кайрадан берилип жатат. Ушундан эле пандемияга масштабдуу түрдө кандай даярдык көрүшкөнүн байкаса болот", — деди Турсунбекова.
Ошондой эле ал карантин киргизилгенде лаборатория, ооруканалар даярдалбаганын, жадагалса борборлоштурулган кычкылтек концентраторлору коюлбаганын кошумчалады. Медициналык кадрлар даярдалбай, керектүү жабдуулар алынбаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0