Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты

© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. ФоменкоПишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив
Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түптөлүшү үчүн бир топ кишинин эмгеги жумшалган. Азыр барк-баасын билип-билбей, баалап-баалабаган мамиле менен "эркелеп" жашап жаткан мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябаган дагы бир адам бар. Ал — Иманалы Айдарбеков.
"Мындан жүз жыл мурда мамлекеттүүлүк үчүн күрөшүп, биздин аймакта жашаган элди бир чамгарак алдына бириктирүү маселеси жаралган. Өз мезгилинде чоң таятам Иманалы Айдарбеков жолдоштору менен биргеликте өзүнчө автономдуу республика түптөөгө жетишти. Ал жогорку билимдүү, алысты көрө билген, даанышман мамлекеттик ишмер болгон. Айдарбеков элдин башын бириктирип, кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттин түзүлүшүн калыптандырып, борбор шаарды азыркы Бишкектин аймагына которгон. Калкка кызмат кылуу — анын бирден-бир милдети болчу. Бул үчүн ал өз өмүрү менен да кош айтышкан...".
Бул Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, экс-министр Чыңгыз Айдарбековдун жазганы.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын бири Иманалы Айдарбековдун өмүрүндөгү урунттуу учурларга кайрылып, анын оор жана маңыздуу турмушу тууралуу факты даярдаган. Материалды даярдоого Иманалы Айдарбековдун небере келини Зифаргүл Айдарбекова (аны кээ бир басылмалар небере кызы деп жаңылыш жазып жүрүшөт - ред.) жана чөбөрөсү Чыңгыз Айдарбеков жардам берди.
Билим алуусу. Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келет. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Кичинекей Иманалынын зиректигин байкаган атасы уулунун билимдүү болушун көздөп, аны орус-тузем мектебине окутат. Кийин ал билимин тереңдетүү максатында Пишпек айыл чарба мектебин да аяктайт. Андан нары Ташкенттеги гидротехникалык техникумда үч жыл билим алган соң атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу окуусун таштоого мажбур болот. Анткени атасынын ордуна ошол аймактагы элге баш-көз болуу анын милдети эле.
Мемориальный комплекс Ата-Бейит в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты
Эмгек жолу. Иманалы Айдарбеков алгач Пишпек уездинин генерал-губернаторунун жардамчысы жана котормочу болуп эмгектенет. Кийинчерээк "Алыш ордо" партиясын түзүүгө катышат. Айдарбеков өзү манаптын уулу болгондугуна карабай советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.
Үй-бүлөсү. Иманалы Айдарбеков жубайы  Кичкен Айдарбекова менен кантип таанышып, экөө качан баш кошкону тууралуу маалымат жок. Кичкен апа Сокулук районунун Байгелди айылында туулуп-өскөн. Жубайлар Токтобүбү жана Рапия аттуу эки кыздуу болушат. Айдарбеков үйдөн үнүн бийик чыгарып сүйлөбөгөн, өтө интеллигенттүү адам болгон дешет. Китеп окуганды жакшы көргөндүктөн үйүндө чоң китепканасы бар эле. Ошондой эле жылкы баласына жакын болуп, ата конушунда мал да кармачу экен.
Жан чыдагыс кыйноо. Иманалы Айдарбеков кан жыттанган кара келтекке тушугуп, 1937-жылы 53 жашында камакка алынат. Аны совет бийлигин орнотууда чогуу иштеп, кыргызга жан-алы калбай кызмат кылган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү санаалаш адамдарына каршы үгүттөп, "кыргыздын саткындары" деп жазып бересиң" деп кыйноого алышат. Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен.
"Алаш" партиясынын душмандарынын бири Рахманкул Худайкуловдун жалган жалаасы менен Айдарбеков бардык кызматтан алынгандыгы тууралуу Рафа Айдарбекованын айткандарын Зифаргүл апа баяндап берди. 
Министр иностранных дел Чынгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты
"1937-жылы кооптуу түндөрдүн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чүмбөттөлгөн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду үйүнөн алып кетишкен экен. Үй-бүлөсү анын каякта экендигин жана ага эмне болгондугун билген эмес. Бир жыл бою түрмөдө кыйнап, шылдыңдап, жалган айыптоо кагазына кол коюусун талап кылышкан. Болбосо атып саларын айтып коркутушат. Бирок Айдарбековду майыштырып, айтканынан баш тарттыра алышпаптыр", — деп баяндап берди келини Зифаргүл Айдарбекова.
Эгер Айдарбеков кордукчуларга макул болсо, анын абактан бошотуларын да айтышат. Бирок ал керт башынын, үй-бүлөсүнүн амандыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон.
Кызы киши колдуу болуп... Кийин камалып кеткенде кыйноонун талабына макул болбогондугу үчүн Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасалган. Камалгандан көп өтпөй, 22 жаштагы улуу кызы, студент Токтобүбүнү сабактан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишет. Кыздын сөөгү эки күндөн кийин көчөдөн табылган. Бул бейкүнөө өлүм үчүн эч ким жооп берген эмес. Сиңдиси Рафа Иманалиевнанын эскерүүлөрүндө Токтобүбү Фрунзедеги Айыл чарба институтунда билим алып жаткан. Ал абдан боорукер, жумшак мүнөз, камкор кыз болгон экен.
Ошондой эле Айдарбековдун бир туугандарынын да көзүн тазалашкан. Энеси кичүү кызы Рафа Айдарбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн аны Москвага качырат.
Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
"Апабыз кызын куткаруу максатында жакын санаалаш достору менен сүйлөшөт. Алар Рафаны Москвага кетүүчү поезддин алдындагы ит салуучу кутуга катып, алып кетишет. Москвага эптеп жеткен кыз ооруканага санитарка болуп орношот. Бейтаптарды карап, палаталарды жыйнап, оорулууларга тамак берчү экен. Анын тырышчаактыгын, эмгекчилдигин жана өтө кылдат кыймылдаганын байкаган Москванын биринчи мединститутунун кафедра башчысы андан жакшы врач чыгарын айтып, мединституттун дарылоо факультетине тапшырууга түрткү берген экен", — деди Зифаргүл апа.
Кийин Рафа Иманалиевна медицина тармагында белгилүү врач-хирург болуп чыга келет. 4-курста окуп жүргөндө согуш башталып, атасынын ак экенин далилдөө үчүн 1941-жылы өз эрки менен фронтко аттанат. Согуш талаасында жарадар болгон аскерлерге жардам берип, жеринде операция жасап, өлүмдөн арачалап отуруп Берлинге чейин жеткен. Согушта 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, подполковник чини менен кайтат.
Атасынын өлүмүн иликтейм деп эсинен танып... "Апабыз 1946-жылы, согуш аяктаганда, мекенине кайтып келип атасынын атылып кеткенин угат. Иманалы Айдарбековду реабилитациялоо маселесин көтөрүп, Москвага бир нече ирет кайрылган. 1957-жылы гана Москвадагы аскердик коллегия кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Айдарбековду актаган. Ушундан кийин гана Рафа Иманалиевна КГБнын жашыруун архивине кирүүгө уруксат алып, каматуунун себептери, сурактын жүрүшү жана атылышы боюнча документтер менен таанышат. Атасы менен тергөөчүнүн алгачкы сурактарындагы бир эпизодду айтып бергени эсимде. Тергөөчү адаттагыдай эле аны жолдошторун "эл душмандары" деп кол коюп бересиң деп кыйноого алат. Айдарбеков: "Мени атып салсаңар мейли, бирок мындай жалган жалаага эч качан кол коюп бербейм. Менин ишимди улантуучу жолдошторум ушулар", — деп жооп кайтарып туруп алат. Буга ачуусу келген тергөөчү колуна табуретканы алып, болгон күчү менен Айдарбековду башка чаап жиберет. Эс-учун билбей жатып калган Айдарбековдун башынан кан жая берет. Андан кийин тергөөчү: "Иманалы Айдарбековду кол койдурууга эч мүмкүн болбой жатат, муну тезинен жок кылуу керек", — деп басып кеткен экен. Мындай зулумдукту окуган апабыз кан күйгөн согушту көрүп келгенине карабай ошол жерден эсин жоготуп жыгылыптыр", — деди Зифаргүл Мусулманкуловна.
Иманалы Айдарбеков 1938-жылдын 5-ноябрында жергиликтүү шаардык абактын алдында атылган. Бул тууралуу үй-бүлөсү согуш бүткөндөн кийин гана билген.
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Слесардын жардамчысынан премьерге чейин. Жумабек Ибраимов жөнүндө 6 факты
Кичкен Айдарбекова көргөн азап. Күйөөсү камалып кеткенден кийин жетиштүү турмушка, элдин сый-урматына көнүп калган айым үчүн турмуш оңой болгон эмес. Ички иштер эл комиссариаты шаардын чок ортосундагы заңгыраган үйүн, кичи мекениндеги жер тилкелерин, мал жандыгын, баалуу буюмдарынын баарын дароо алып койгон. Кичкен апа кыздары менен көчөдө калган. Айла жок досторунукунда жашайт, иштейин десе "эл душманынын аялы" катары жумушка алынбайт.
"Кызы Рафа Иманалиевна фронтто өзүнө берилген тамактарын (тушенка, шоколад, консерва) чогултуп, апасына жиберип турчу экен. Кээ бир жибергендери жетпей да калчу деп айтчу эле. Кичкен апа 1946-жылга чейин кызынын согуштан кайтып келишин күтүп, анын үлпөт тоюна да күбө болгон. Ал киши небереси Азаматты көрүп, багып да калган экен", — деди келини Зифаргүл Мусулманкуловна.
Кичкен Айдарбекова 1948-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Сөөгү туулган айылына жакын жашырылып... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган. Бул тарыхый окуяга Рафа Айдарбекова да катышып, бул жагынан көөнү тынч кетет.
Уучу кур эмес - министр, профессор чөбөрөлөр. Иманалы Айдарбековдун небереси, Рафа Айдарбекованын уулу  Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болуп, докторантураны Москва шаарында Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборунда аяктаган. Ал 2005-жылы оорудан каза тапкан. Келини Зифаргүл Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Азыркы тапта Медициналык академиянын гистология кафедрасынын жетекчиси. Ал эми алардын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Анын уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.
Бүгүн белгилүү акын, жазуучу Жусуп Турусбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Поэмасын окоптон жазган. Акын, жазуучу Жусуп Турусбеков жөнүндө 6 факты
Кызынын керээзи. Рафа Айдарбекова Бишкектин бир көчөсүнө атасынын атын койдуруп, эстелигин тургузууга абдан далалат жасайт. Бирок бул маселе убагында ишке ашкан эмес. Ошондой эле өзү чоңойгон үйдү, атасынын Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан тамын музейге айлантуу тилеги бар эле.
"Көзү тирүү кезинде мени атасынын үйүнө ээрчитип барып көрсөтүп: "Ушул үйдө чоңойгом, үйдү кайтара албай жүрөм. Эгер көзүм өтүп кетсе, Иманалы Айдарбековдун үй-музейи кылгыла", - деп айткан. Бирок ушу кезге чейин ишке ашыра албай келе жатабыз. Мамлекеттин балансындагы эле үй-музей кылуу максатыбыз бар. Азыр башка кишилердин колуна өтүп кетиптир", — деди Зифаргүл Айдарбекова.
Рафа Айдарбекова 1996-жылы каза болор алдында келини Зифаргүлгө атасынын ишин аягына чыгарууну керээз кылат. Келини болгон күчүн жумшап, бала-бакырасы менен 2010-жылы "Иманалы Айдарбеков атындагы фондду" негиздеп, 2014-жылдын августунда эстелик койдурууга жетишип, "Биринчи" аттуу китебин чыгарышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0