Ооруканада COVID-19 кабылган бейтапка жардам көрсөтүү. Архивдик сүрөт

Соңку бир суткада 93 адам коронавирус жугузуп, экөө каза болду

96
(жаңыланган 11:07 23.01.2021)
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.

Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 27;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.

Айыгып чыккандар:

  • Бишкек – 38;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 772 кишини түздү.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.

Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.

96
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1551)
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун пайдасы: Баткенде башка жугуштуу оорулар азайды
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

10
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

10
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

676
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

676
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду