БУУ менен өкмөт адам укуктарын жакшыртуу боюнча талкуу жүргүздү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча и.о. вице-премьер-министра Эльвиры Сурабалдиевой и главы Регионального отделения УВКПЧ для ЦА Ришардом Комендой
Встреча и.о. вице-премьер-министра Эльвиры Сурабалдиевой и главы Регионального отделения УВКПЧ для ЦА Ришардом Комендой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар республикада адам укуктарынын абалын, биргелешкен долбоорлорду жана кызматташуунун актуалдуу маселелерди ортого салды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Коменда уюм адам укуктарын коргоо жаатында өкмөт менен кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирген.
"Тараптар республикада адам укуктарынын абалын, биргелешкен долбоорлорду жана кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар жаштар үчүн регионалдык борборду түзүү концепциясы боюнча биргеликте иш алып баруу, өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын алдындагы адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин потенциалын жогорулатууну макулдашышкан. Ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында БУУнун ар кандай механизмдери менен өз ара аракеттенүү дагы талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0