Карьера үчүн турмушка чыкпай турсамбы... 25 жаштагы кыздын каты

CC0 / Pixabay / Khusen RustamovПисьмо к психологу
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына карьера менен турмуш куруунун ортосунда, кайсы жолду тандарын билбей турган кыз кат жазды.
Саламатсыздарбы, мен да психологдордон кеңеш алгым келет. Үйдө эки бир тууганбыз, менден улуу агам үй-бүлөлүү. Токмокто ата-энем менен турат. 2011-жылы Чүй облусундагы орто мектептердин бирин кызыл аттестат менен аяктадым. Окуп жүргөндө эле укук коргоо тармагында иштөөгө кызыкчумун. Ойлогондой эле кийин юридикалык жогорку билимге ээ болдум. Студент кезимде эле жеке юридикалык компанияда иштеп, дипломду колго алгандан кийин өзүм окуган юридикалык академияда сабак бере баштадым.
Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Абактан келе турган кайненем менен бирге жашоодон чочулап турам. Келиндин каты
Азыр жашым 25тен өтүп калды. Тапкан айлыгым өзүмө жетиштүү, чакан унаам да бар. Кыскасы, анча-мынча жигиттерге караганда тың жашайм. Учурда жактоочу катары өзүмдүн кеңсемди ачсамбы деп жүрөм. Финансылык маселелер гана кармап жатат. Албетте, ата-энем да жардам берүүдө.
Өзүм келишимдүү кызмын, бирок мүнөзүм кырс. Жалгыз кыз болуп эрке өскөнгөбү, беттегенимди бербейм. Ушул тапта курбуларымдын көбү турмушка чыккан, алардын үй-бүлөлүк жашоосу менен таанышмын. Айрым кыздардын мурункудай болбой, жүдөй түшкөнүн көргөндө иренжийм. Ошол себептенби, ата-энемдин кыстаганына карабастан азырынча турмушка чыкпай эле коюуну чечтим. Карьерамды өстүрүп, жолго коюп алгым келет. Бирок апам: "турмушка чыккандан кийин деле иштеп жетишесиң. Аял киши болгондон кийин убагында төрөп ал", — дейт. Жактырып, мага сөз айтып жүргөн жигиттер деле бар. Алардын да ал-акыбалын, материалдык мүмкүнчүлүгүнөн бери байкоого алмайым бар. Анткени жылаңач сезим менен турмуш кургум келбейт. Өзүм да материалдык жактан баарына жетишип, 30 жаштан кийин гана күйөөгө тийүүнү каалайм. Бирок кийин өкүнүп калбаймынбы деп дагы кооптоном. Негизи кыз кишинин канча жашынан турмушка чыкканы оң?
Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:
—Абдан жакшы, актуалдуу кат экен. Азыр көп кыздар кичине өзүнчө жашап турайын, карьера деп турмушка чыгуу жагын улам жылдырып жүрүшөт. Жашоодо эң чоң байлык — бул өмүр. Адам ден соолугу жакшы эмес болсо да, өмүрдү узартуу үчүн тырышып жашайт. Ошол эле абакка кесилип же атууга кеткендер — бир күн болсо да узак жашоону көздөйт. Жашоодогу дагы бир маанилүү нерсе — бул үй-бүлө. Муну айтсаң көбү түшүнгөндөй баш ийкеп коюшат, бирок аныгына жете түшүнө бербейт.
Кыз бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум менен жарашуудан корком. Ажырашкан келиндин каты
Үй-бүлөдө адамдын жашоого көз карашы, инсандык сапаттары калыптанат. Башкача айтканда, үй-бүлө — бир платформа. Мындан үй-бүлө мүчөсү сүйүү, камкордук, алдыга умтулуучу күч-кубат алат. Негизи ар бир адам жалгыз карышкырдай өз курсагын тойгузуп, кара башын гана ойлоп жашап кете алат. Бирок бизге бакытты, колдоону, жылуулукту жана ийгиликти багынтууга күч-кубатты жакындарыбыз гана берет.
Айрымдар үй-бүлө куруудан эмнеге коркушат? Анткени бул да жоопкерчилик, даярдык. Үй-бүлө курууга көз караш жетилүү керек. Үйлөнөрдө же турмушка чыгарда адамдардын максаты да ар кыл болот. Кээ бирлер жашым жетип калды, эл эмне дейт десе, экинчилери ата-энемди багайын, үй тирлигин аялым жасасын дешет.
Ошондуктан адам турмуш жолуна аттанарда эмне себептен үй-бүлө кургусу келери тууралуу ойлонуп, ушул суроого жооп таап, аныктап алышы керек.
Катты жазган кыздын потенциалы, билими, акылы, келбети баары жакшы экен. Анын үстүнө сөз айткан жигиттер да бар экен. Бир гана нерсе каармандын ички сезими түшүнүксүз болуп турат. Ар кандай чече албай жүргөн маселелери бар өңдүү. Ошол себептен өз каалоосун, максаттарын аныктап алуусу керек.
Аял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Аял киши төрөөгө же үй оокатын кылууга гана жаралган деп айтууга болбойт. Аялзатында деле эркектердикиндей максаты, планы бар. Болгону эркектер керт башын гана ойлоп калыптанат. Ал эми кыз киши кичинесинен эле түйшүкчүл келип, бир туугандарын багып, үйдөгүлөргө тамак жасап, камкордукка тарбияланат. Аял толук кандуу бактылуу болушу үчүн үй-бүлө курушу керек.
Күйөөгө кеч чыгып, кечирээк төрөгөндөр балдарынын жакшылыгын кеч, карыган убакта көрүп калары шексиз. Эгерде эрте төрөп алсаңыз — анда өзүңүз да ал кезде бала болуп, тарбия жагына көп маани бере албай калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан бардыгы убагы менен болгону жакшы. Баланын мээримине да туура куракта күбө болсоңуз, аялга тиешелүү бакыттан толук ырахат аласыз. Сизге айтарым, аял кишинин бакыты үй-бүлөдө. Ошондуктан дагы бир сыйра жакшы ойлонуп, анан чечим чыгарыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0