БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгон адамдардын аты-жөнү такталды.
Кара-Суу айыл аймагынын маалыматына ылайык, каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар.
Алар:
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Оштун милициясы тааныш аялга "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылган 28 жаштагы шаар тургунун кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Кечээ, 3-мартта, Шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 28 жаштагы Ош шаарынын тургунун колго түшүрүп, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Шектүү Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен айыпталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган жаран 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы, 26 жаштагы аял менен өз ара араздашып кеткен. Андан соӊ "акыркы жолу бир жолугуп алалы" деп алдап чакырып, өзүнүн жеке машинасына отургузуп, бычак кезеп коркутуп шаардын мейманканаларынын бирине алып келген. Аялды бычак менен коркутуп чечиндирип өзүнүн мобилдик телефонуна тартып алган.Андан соӊ "жакын арада 50 миӊ сом акча таап бербесеӊ сүрөттөрдү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам" деп акча талап кыла баштаган. Жабырланган келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Тартип коргоо органдары шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Шаардык сот эртең, 5-мартта, анын баш коргоо чарасын карайт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Санэпидкөзөмөл борборуна таянып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адам тууралуу маалымат таратты.
Борбордун адистери менен аймактык оорукананын дарыгерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен уулангандар суу кошулган спирт ичишкени аныкталган.
"Ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айылынын 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар салат, бешбармак жеп, суу кошулган спирт ичимдиктерин ичишкенин билдиришкен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик каза болгондордун баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгонун кошумчалап, аты-жөнү такталганын билдирген.
Маалыматта үч киши үйүнөн, дагы үчөө ооруканага түшкөндөн кийин көз жумганы айтылды. Аксынын оорукунасында бир адам дарыланууда, анын абалы орточо оор деп бааланып жатат.