Аукциондо кыргыз сому өз наркынан 25 эсе кымбат сатылууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков100 сом жана 100 рубль номиналдагы банкноталары. Архив
100 сом жана 100 рубль номиналдагы банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банкнота 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата чыгарылган. Бетинде "Токтогулга 150 жыл" деген жазуусу бар.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционунда юбилейлик 100 сомдук купюра сатыкка коюлду.
Анын баштапкы баасы 2,2 миң рубль (2,5 миң сом) деп коюлду.
Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп
КРдин Улуттук банкынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 100 сом номиналындагы банкнота 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата чыгарылган. Бетинде "Токтогулга 150 жыл" деген жазуусу бар. Сериялык номери улуу акындын инициалдарынан башталат.
Бардыгы болуп мындай банкнотадан 3 миң даана чыгарылган. Бардыгы Кыргызстанда төлөм каражаты болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0