Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды

Жазылуу
Ырчы өзүнүн кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнү айтылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
“Бүгүн эртең менен академик Сабыр Жумабеков ырчыга шашылыш түрдө операция жасады. Анын жабыркаган омурткалары калыбына  келтирилди. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Наркоздон акырындык менен ойгонуп, эсине келип жатат”, — дешти маалымат кызматынан.
Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркаганы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0