Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТоолордогу аттар. Архив
Тоолордогу аттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. 
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо  +1...+3 градус болорун айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0