COVID-19дан соң даам, жыт сезүү калыбына келбесе эмне кылуу керек. Адистин ою

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКиши кол чатыр менен. Архив
Киши кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан кийин бир нече ай өтсө дагы жыт менен даам сезүүсүн кайтара албай жүргөндөр бар. Мындай бейтаптарга невролог атайын көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайт.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коронавируска чалдыккан учурда көпчүлүк адамдардын жыт жана даам сезүүсү жоголуп кетет. Аларды кантип тез калыбына келтирүү жолдорун Sputnik радиосуна берген маегинде невролог жана нейрофизиолог Александр Будик түшүндүрдү.
COVID-19 маалында жыт менен даам сезүү эмне себептен жоголуп кетери акырына чейин изилдене элек. Айрым адистер адамдардын шилекейинин курамы өзгөрүп, тамактын татымын даам рецепторлоруна жеткиче эле бузуп коет деп эсептейт. Башкалар рецептор өздөрү жабыркайт деген теорияны карманышат. Дал ошол себептен даам гана эмес, жыт сезүү дагы убактылуу жоголот.
"Адатта коронавируска кабылган адам башында жыт менен даам сезбей калат. Бирок эки апта өткөн соң бардыгы калыбына келет. Бирок бир нече ай өтсө дагы биз сөз кылып жаткан сезимдерди кайтара албай жүргөндөр бар", — деди адис.
Мындай бейтаптарга Будик атайын көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайт.
Медициналык маскачан кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши
Анын айтымында, күнүнө 20 секунддан бир нече жолу сарымсак, корица, гвоздиканы жыттап туруш керек. "Организм кайсы органга активдүү иштөө керек болуп жатса, дал ошого көбүрөөк энергияны бөлүп, аны толук кандуу иштетүүгө аракет кыла баштайт. Мындан тышкары, омега-3 ичип, мурун көңдөйүнө А витаминин тамчылатуу керек", — деген Будик.
Адистин айтымында, ушул эле аракеттер даам сезүүнү дагы калыбына алып келет. Анткени экөө бири-бири менен тыгыз байланышта иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0