Пневмония болгон хирург Талант Өмүрбековдун абалы айтылды

© SputnikБелгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбеков. Архив
Белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбеков өткөн жумада эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн. Абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
Жаңылыктар түрмөгү
0