Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек

© Фото / из личного архива Азима ШайбековаЭссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Азим Шайбеков 2013-жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. 37 жаштагы мекендешибиз Эссен университеттик клиникасында адам органдарын трансплантация кылып, илимий изилдөө иштери менен алек.
Медицина илимдеринин кандидаты учурда келинчеги экөө бир кызды тарбиялоодо. Чет өлкөдөгү тажрыйбалуу хирург менен үч-төрт саатка созулган операциядан кийин баарлашып, кызыктуу маек курдук.
— Германияга келип кантип күчтүү хирургдардын катарына кошулуп калдыңыз?
— Ысык-Көлгө 2012-жылы германиялык профессорлор келип, жаш дарыгерлер арасында сынак уюштурган. Ага 40 киши катышып, тандоо бир жумага созулган. Натыйжада Тинатин Какчекеева экөөбүз гана өтүп кетип, стипендияга ээ болгонбуз. Кыргызстанда медициналык академияны 2006-жылы аяктап, кийинки жылдары ординатураны, Кыргыз-Россия Славян университетинде профессор Бахадыр Бебезовдун жетектөөсүнүн алдында порталдуу гипертензия боюнча аспирантураны бүтүп иштеп жүргөм. Германияга келгенде өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдү кайра башынан баштап, хирургиялык клиникада практикант болуп, төрт жылдан кийин операция кыла баштадым. Албетте, тил үйрөнүүдө кыйналдым. Жергиликтүүлөрдүн менталитетине, тартибине, абасына, адамдарга көнө албай жүрдүм.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаКыргызстандык хирург боор, бөйрөк жана эндокринологиялык, онкологиялык ооруларга операция жасайт
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык хирург боор, бөйрөк жана эндокринологиялык, онкологиялык ооруларга операция жасайт
— Маектин алдында сиз менен байланышканда бүгүн узакка созулган операция жасайм деп жаттыңыз эле. Бир күндө канча оор операция жасайсыз?
— Негизи иш күнүбүз саат 7.30да башталат. Эртең менен дарыланып жаткандарды текшерип, андан соң операцияга киребиз. Түштөн кийин андан чыгып кайра бейтаптарды көзөмөлдөп, эртеси боло турчу операцияга бейтаптарды даярдап, анализин текшерип, студенттер менен иштешип кечинде үйгө кетем. Кечки нөөмөткө турганда үчтөн бешке чейин операция жасайбыз. Ошондой эле ар кайсы шаарга барып колдонулчу бөйрөк, боорду алып келебиз. Мен университеттин клиникасында боор, бөйрөк жана эндокринологиялык, онкологиялык хирургия боюнча иштейм. Узак операциялар боорго жасалат, ал үч-төрт саатка чейин созулат. Жумушубуз өтө кылдаттыкты, көңүл бурууну, тажрыйбаны талап кылат.
— Германиядагы дарыгер ооруканага кайрылган адамды өзү кабыл алып түрдүү текшерүүдөн өткөрүп, анализдерин алып дартын аныктап, дарылануусуна чейин көзмөлдөйт экен. Мындай ыкма учурдун талабыбы?
— Бул бизде эле эмес, башка мамлекеттердеги дагы негизги талап. Эгер бейтап ооруканага алып келинсе, дарыгер туура диагноз коюп, дарылоонун тартибин бекитип, качан бутуна туруп үйүнө аман-эсен кайтарына чейин аныкташы керек. Дарыгерлердин иш билгиси ушул жөндөмдөр менен бааланат. Жумушта технологиялык бардык шарттар түзүлгөн, карамагыбызда эндоскопия, компьютердик томография өңдүү толтура аппараттар бар. Эгер зарыл болсо, бир нече мүнөттө башка кызмат, адистер жардамга чакыртылат. Германияда 80 миллиондон ашык калк жашайт. Мамлекет медициналык мекемелердин ишин абдан жакшы жолго салып койгон. Ооруп, кырсыктап же өзүн жаман сезген адам өлкөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун, кандай илдет менен кайрылбасын, 20 мүнөттүн ичинде биринчи медициналык жардамды алат. Антпесек адам өмүрүн сактап калуу үчүн убакыт абдан чоң ролду ойнойт.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаАзим Шайбеков Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Бишкектеги ооруканаларда эмгектенген
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан
Азим Шайбеков Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Бишкектеги ооруканаларда эмгектенген
— Эми ошончо жөндөм, кесипкөйлүктү талап кылгандан кийин тажрыйба алмашууга, медицина тармагындагы тенденциядан артта калбоого жумушта шарт түзүлсө керек?
— Ак халатчандардын ар тараптан өнүгүп, кесиптик жөндөмүн жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги бардык шарттарды түзгөн. Клиникада дайыма квалификацияны жогорулатуу курстары, өзүбүздүн кесиптик багытыбызга жараша сертификациялоолор өтүп турат. Клиника командировка, стажировкага, курс, окууларга жөнөтүп, илимий эмгектерибизди жарыялоого дайым көмөктөшөт. Дүйнө жүзүндө медицина күн сайын өнүгүүдө, дарыгерлер да андагы жаңычылдыктардан кабардар болуп турганы жакшы.
— Сиз да учурда кандайдыр бир илимий иштер менен алектенип жатсаңыз керек?
Канададагы англис тили мугалими Айдина Черикова  - Sputnik Кыргызстан
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
— Көбүнчө илимий изилдөөнү университеттик клиникалар жүргүзөт жана кызматкерлер үчүн ал акысыз. Окумуштуулар да жаш адистердин демилгесин кош колдоп турат. Азыр мен хирургиялык эндокринология боюнча илимий иш алып барып жатам. Жетекчим дүйнө жүзүнө белгилүү профессор Хенинг Дралле (Henning Dralle). Бизде илим менен алектенүүгө толук мүмкүнчүлүк бар, бир гана каалоо керек.
Ушул жерде жаштарга кеңешимди айта кетейин, адам амбициялуу, чынчыл, эч нерседен корпой ар кыл сыноолорго даяр болсо, кайда болбосун өз ордун таба алат. Жасаган иши, аракети такыр бааланбай жерде калбайт. Мен кыргызстандык кесиптештерге ар тараптан колдоо көргөзүп, жардам берүүгө даярмын. Менимче, ошолор чет жактан билим алып, иштеп тажрыйба топтоп, Кыргызстанга барып чоң өзгөрүүлөрдү жасайт.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаДарыгер Шайбеков учурда Германия хирургиялык эндокринология боюнча илимий иш алып барууда
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Шайбеков учурда Германия хирургиялык эндокринология боюнча илимий иш алып барууда
— Эми трансплантология жөнүндө кеп козгойлу, акыркы жылдары көптөгөн мекендештер бул кызматты алуу үчүн чет өлкөлөргө барууда. Өзүбүздө ошондой оор операцияларды кылуу үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?
— Бул аябай чоң маселе. Биринчиден, мыйзамдарды жолго салуу зарыл. Экинчиден, өтө чоң акча талап кылат. Германияда эле боорду алмаштыруунун баасы 200 миң еврого жетет. Мисалы, бул жактын ооруканасында операциядан соң жандандыруу бөлүмүндө бир сутка жатканына эле 800 евро кетет. Кыргызстанда боордун циррозу, гепатит В, С, Д менен жабыркагандар өтө көп. Өз кезегинде ал илдеттерди кандидаттык диссертациямда изилдегем. Аны менен жабыркагандардын орто курагы 31 жаш болгон. Мындайча айтканда, келечеги кең, ал-күчкө толгон адамдар ошол илдеттен запкы чегет. Ал эми бөйрөк алмаштыруу дагы кымбат балуу операциялардын катарына кирет.
Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева - Sputnik Кыргызстан
Төрөттөн коркуп арак ичип алган келинди сактай албай калдык. Гинекологдун маеги
Кыргызстанга борборлоштурулган трансплантология кызматын ишке киргизүү мезгилдин талабы болуп жатат. Ал вазийпа мамлекеттик ооруканага гана жүктөлүшү керек. Менимче, эгер жеке клиникаларга тапшырсак, кылмыштык аракеттер менен коштолушу ыктымал. Тиешелүү кесипкөй адистер менен бир команда иш алып барса эле жетиштүү болот. Алардын өзүнүн жандандыруу бөлүмү, гемодиализи, иммунологиялык лабораториясы болушу абзел. Трансплантациядан кийин бейтапты кайра бутуна тургузуп, ден соолугун калыбына келтирүү өзүнчө бир чоң жумуш жана ал көп каражатты, кымбат дары-дармекти талап кылат. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан көптөн бери трансплантология боюнча ийгиликтүү иштөөдө. Кыргызстан бул багытта жакшы эле артта калып калдык жана көптөн бери чоң көйгөй болуп келе жатат.
— Түшүнүктүү. Бизде трансплантация боюнча иш алып барган саналуу эле хирургдар бар. Качандыр бир кезде мекенге кайтып келүү планыңыз барбы?
— Мен Кыргызстанды аябай сүйөм. Мекенимде жакындарым, тууган-туушкандарым жашайт. Биз чет жакта болсок дагы мамлекетибизде болгон окуяларга көз салып, Ата Журтубуз ар дайым жүргөбүздө. Кээде кайгырабыз, кээде кубанабыз. Мага, буюрса, мекендешим же кесиптешим кайрылса медицинанын кайсы багыты болбосун өзүмдүн дараметиме жараша кубануу менен жардам берем. Эгер мамлекет шарт түзүп берсе, Кыргызстанга кайтуу оюмда бар. Бирок мен бул жактагы клиника менен узак убакытка келишим түзүп койгом.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаМедицина илимдеринин кандидаты келинчеги экөө учурда бир кызды тарбиялап жатышат
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин кандидаты келинчеги экөө учурда бир кызды тарбиялап жатышат
— Үй-бүлөңүз жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?
— Келинчегим бар, үй-бүлөбүз менен Германияда орун-очок алганбыз. Экөөбүз учурда бир кызды тарбиялап чоңойтуп жатабыз. Аялым жароокер, акылдуу жан болгондуктан өзүм хирургияда ийгиликтүү иштеп жатам деп ойлойм. Анткени бул кесипти аркалагандардын үйдөгү тылы күчтүү болбосо болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0