Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев

Далили жок! Пандемиянын кесепетин иликтеген комиссияга дарыгерлер жооп кайтарды

380
(жаңыланган 14:44 25.01.2021)
Башкы пульмонолог протоколдун 1,5 ай кармалып турганы жана июлда көп адам көз жумганы туурасында пикирин айтты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жана башка бир нече дарыгер бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, Пандемиянын кесепетин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын корутундусуна макул эместигин билдиришти.

Сооронбаев пандемиянын биринчи толкунунда көп адамдын каза болушуна Саламаттык сактоо министрлигин айыптоо негизсиз экенин айтып, болгон күч жумшалганын белгилейт.

Эске салсак, комиссиянын корутундусунда коронавирустан дарылоо боюнча даяр протокол 1,5 ай бою колдонууга чыкпагандыктан июль апаатында канды суюлтуучу дарылар жетишсиз болгону айтылган. Ошондой эле бул оорудан каза болгондор расмий статистикадан үч эсеге көп экени көрсөтүлгөн.

"Протоколду атайылап кармашкан, эл ошондон өлдү деген — такталбаган, далили жок маалымат. Дарыгерлерге болушунча эрте жеткирели деп аракет кылганбыз. Клиникалык протокол жазуу оңой иш эмес, сапаттуу дарылоо үчүн көп талкуулар болду. Иштелип чыгары менен эле райондорго жөнөтүп, тынымсыз иш алып барып жаттык. Керек болсо март айындагы биринчи протоколдо эле канды суюлта турган дарыларды колдонуу жазылган. Азыр баарыбыз биргеликте маселени жакшы жакка кантип өзгөртөбүз деп ойлонушубуз керек. Жакындарын жоготкон адамдарды манипуляция кылып, бизге тукурган туура эмес. Муну уюштурган адамдарга "Жаман ишти токтоткула!" деп кайрылам", — деди Сооронбаев.

Ал эми июль айында COVID-19дан өлгөндөрдүн саны кескин түрдө көбөйүп кетишин карантиндик чектөөлөрдүн алынышы менен байланыштырды.

"Дүйнөдө Кыргызстандан дагы жаман окуялар болуп жатты. Америка, Европа, Германияда эмне болгонун салыштырып айтсак деле болот да. Кыргызстанда миңдеген адамдарды сактап калууга мүмкүнчүлүк болду. Эмне үчүн июлда көп адам каза болду? Муну билишибиз керек. Карантиндик чектөөлөрдү алгандан кийин элдин баары көчөгө чыгып албадыбы?.. Анан бири-бирине жугуп, оору тез жайылып кыйынчылык жаралды", — деди башкы пульмонолог.

Сооронбаев коронавирустан каза болгондор расмий маалыматта айтылгандан алда канча көп деген тыянакка да каршы пикирин билдирди. Ал мындай анализди жөнөкөй жарандар эмес, адистер жасашы керектигин айтты.

Ошону менен бирге дарыгер пандемиянын кесепетин иликтеген комиссиянын үстүнөн дагы комиссия түзүп текшертүү сунушун берди. Ал комиссия жеке кызыкчылыкты көздөп түзүлгөн деп шектенип жатат.

380
Белгилер:
протокол, дарылоо, иликтөө, пандемия, комиссия, пульмонолог, Талант Сооронбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2557)
Тема боюнча
Комиссия Республикалык штабдын пандемиядагы эң биринчи катасын атады
Сурабалдиева: пандемия күчөгөн маалда адам өлүмү азайтылып, гумжардам уурдалган
Медициналык кызматкер COVID-19 алынган үлгү менен. Архив

COVID: көз жумгандар болгон жок, айыккандар арбын. 7-марттын статистикасы

5
(жаңыланган 11:09 07.03.2021)
Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан каза тапкандар катталган жок. Ооруну жуктургандарга караганда айыккандардын саны арбын болду.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 14 бейтап ооруканада өтө оор абалда жатса, 44 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Аталган илдеттен 46 адам айыгып кетти.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.

"Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.

Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 21
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 5
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 12

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 17
  • Чүй облусу – 14
  • Ош облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Баткен облусу – 2
5
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды
Ит менен сейилдеп жүргөн кыз асман тиреген имараттардын фонунда. Архив

Асман тиреген имаратта жашоо кимдерге кыйынчылык жаратарын дарыгер айтып берди

9
(жаңыланган 10:49 07.03.2021)
Дарыгер кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Мисалы, көп кабаттуу үйгө тепкич менен баруу кимдир бирөөлөр үчүн кыйын.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.

"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.

Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.

"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.

Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.

9
Белгилер:
жүрөк, аллергия, оору, дарыгер, лифт, тепкич, бийиктик, имарат
Тема боюнча
Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды
Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек