Инфекционист: СOVID менен ооругандар вакцина алууга шашпашы керек

© Sputnik / Серкан Демитраш / Медиабанкка өтүүВакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова коронавирустан айыккандар эмдөөгө шашпай коё турушу керектигин айткан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан кийин дароо дартка каршы вакцина алган болбойт. Бул тууралуу профессор, медицина илимдеринин доктору, дарыгер-инфекционист Николай Малышев билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, вакцинаны ооруну жеңгенден кийин 6-9 ай өткөн соң алган оң.
"Азыр ооруп айыккандан кийин дароо вакцина албаш керек. Эмдөөнү дартты жеңгенден кийин 6-9 айдан соң алууну сунуштайбыз", — деди Малышев.
Спутник V (Гам-КОВИД-Вак) вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Спутник V" вакцинасын кайсы оорусу барлар этияттык менен алышы керек? Инструкция
Буга чейин Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова дагы коронавирустан айыккандар эмдөөгө шашылбай коё турушу керектигин айткан.
Мындан сырткары, ДССУ адиси Любовь Ерофеева кош бойлуулар кандай эмделиши керектиги боюнча кеңеш берген. Анын айтымында, эгер аял киши коронавируска каршы эмделсе, анда жарым жылга чейин бойго бүтүрбөшү керек. Ал эми кош бойлуу болсо, эмдөөдөн баш тартканы оң экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0