Былтыр "Орто-Сай" базарында ири өрт чыгарган деген киши кармалды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттүн кесепети
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарында ири өрттүн кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ордо калаада былтыр 9-ноябрга караган түнү "Орто-Сай" базарынан өрт чыгып, тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имарат күйүп кеткен.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттү чыгарганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Подозреваемый в поджоге на Орто-Сайском рынке - Sputnik Кыргызстан
Шектүү
Эске салсак, былтыр 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн. Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББ өткөн жумада 42 жаштагы эркек кишини кармады. Ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0