Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБанк карточкалары. Архив
Банк карточкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, карта боюнча жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын коопсуздугуна жана которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кредиттик жана дебеттик карталардын ээлери көбүнчө ар кандай катачылыктарга туш болушат, бирок бардыгына тиешелүү универсалдуу жаңылыштыктар да бар. Бул тууралуу Синергия университетинин банк иштери кафедрасынын окутуучусу Дмитрий Ферапонтов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Адистин айтымында, жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын, которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу.
"Негизги катачылыктар банкоматтарды колдонууда жана накталай/карта операцияларын жүргүзүүдөгү этиятсыз мамиле кылуу. Бул учурда кардар картаны окуй турган же кайталана турган клавиатурага багытталган камераларга ж.б. түзмөктөргө көңүл бурбай калышы мүмкүн", – деген адис.
Банк карталагы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы банктын карталары киреше алып келет. Тизме
Картаны колдонуу шарттарын, жеңилдик берилген учурларды жана мүмкүн болгон бардык комиссияларды билбөө менен байланышкан каталар да кездешет. Натыйжада кардар бир нече жеңилдиктен кол жууп калат, атүгүл акчаны жоготуп алуу кооптуулугуна да кептелиши мүмкүн. Адис мында кардар башка мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурбай, банк картасы аркылуу төлөө функциясын аткаруу менен гана чектелип каларын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0