"Манас" аэропортунда эки аба каттам учпай турат

© AFP / STRАэрпорттогу учак. Архив
Аэрпорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аба майданынын аймагын эртең менен туман каптаган. "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги жүргүнчүлөрдү каттамдар боюнча учак жайдын сурап билүү-бөлүмүнө чалып тактоону өтүнөт.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бүгүн туманга байланыштуу эки каттам кармалып турат. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
Учак жайдын аймагына таң эрте туман түшкөн. Аба ырайындагы абалга байланыштуу айрым каттамдар токтотулуп турат.
Алар: Алматы — Бишкек — Алматы жана Ош — Бишкек авиакаттамдары.
Мекеменин маалымат кызматы каттамдар боюнча маалыматты аэропорттун 0(312)693109 сурап-билүү телефону аркылуу тактап алууну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0