Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 97 адам оору жуктурду. Кыргызстандагы коронавирус

135
(жаңыланган 11:03 26.01.2021)
Учурда стационарда алты жүздөн ашуун бейтап дарыланууда. Анын ичинен эки адамдын абалы канааттандырарлык,  ал эми жыйырма жетиси өтө оор абалда жатат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 97 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 157 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 42;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 40;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1. 

Марттагы пандемиядан бери оору жуктургандардын саны 84 068ге жетти.

Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 61;
  • Чүй облусу — 55;
  • Ош облусу — 4;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 25;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусу — 4.

Жалпысынан оорудан айыккандардын саны 80 182ге жетти.

Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкектен бир бейтап көз жумган. Ушуну менен коронавирус 1 402 адамдын өмүрүн алды.

Учурда стационарда 643 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 219у оор, ал эми 27си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап бар. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар  арасында 4 168 учур катталып, 4 077си сакайды.

135
Белгилер:
айыктыруу, жуктуруу, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1621)
Тема боюнча
Далили жок! Пандемиянын кесепетин иликтеген комиссияга дарыгерлер жооп кайтарды
Кыргызстан Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын сурады
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

3
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

3
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

3
(жаңыланган 14:10 14.05.2021)
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган дарактын пайдалуу жактарын санап берди.

Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу үч эсе бышык болуп, аны мите курт жебейт. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

Анын айтымында, павлония климатка жараша бир сезондо үчтөн тогуз метрге чейин өсөт.

"Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу эки эсе жеңил, үч эсе бышык жана бир топ ийилчээк болот. Курамында танин жана павлонин болгондуктан мите курт жебейт. Ошондуктан серфинг үчүн такталар жана яхта, кемелер жасалат. Мындан тышкары, курамында чайыр жок болгондуктан өрткө туруктуу. Алсак, карагай, кадимки жыгач отундар 230-250 градуста жалындап күйсө, павлония 420-430 градуста гана дүркүрөп күйөт. Ысык-Көлдө бир жылкы сөңгөгүн кесип, күйгүзүп көрсө тутанбай койгон экен. Ошондо отунга да жарабайт турбайбы деген пикирге келишкен. Чынында анын табы күч болгондуктан тутантып алып, анан жагыш керек. Натыйжада көмүрдөй эле тап берет. Европада аны био отун катары колдонушат. Павлония Кыргызстандын шартында климатка жараша жаздан күзгө чейин үчтөн тогуз метрге дейре өсө турганы аныкталган. Андан Америкада биоэтанол чыгарганы дагы белгилүү. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө үч жылдан кийин павлония гүлдөгөндө андан бал өндүрүүнү колго алышкан. Натыйжада абдан сапаттуу жана кымбат бал чыгарууга мүмкүндүк бар", — деди Кубатаев.

Ошондой эле ал павлония урукка салыштырмалуу көчөттөн тез өсүп, сапаттуурак боло турганын кошумчалады.

3
Белгилер:
бал, отун, павлония, Эрмек Кубатаев
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги