Активист Улан Жураев прокурордун сунуштамасы менен үй камагына чыгарылды

© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен"Активист Улан Жураев. Архив
Активист Улан Жураев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча талап кылууга шектелген активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев 10-январда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Активист Улан Жураев үй камагына чыгарылганын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Сот чечимди 23-январда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурорунун сунуштамасы менен кабыл алган. Шектүү менен прокурор кызматташуу келишимин түзгөнү айтылды.
10-январда акча талап кылууга шектелген активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Аспеков 9-март саат 00:25ке, Жураев  9-март саат 02:05ке чейин абакта болот.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылды деп шектелген эки жаранды колго түшүргөн.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кармалды
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын арызына ылайык, КР Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Маалым болгондой, М.А. жана У.Ж. аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, ишкананын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар маселени оң жагына чечүү үчүн сураган каражатты бергени айтылат.
Атайын кызмат опузалап акча алды деген активисттерди кармаган видеону да жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0