Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы кайра кармалды

© Фото / пресс-служба ЖКТранспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев. Архив
Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.
ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды
9-январда ал өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн, 2,5 миллион сомун кайтарган. Ошол эле күнү ага Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.
Бирок аны бүгүн, 26-январда, Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизишкени белгилүү болду. Бирок себептери аталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0