Мэрия "Ош" базарынын айланасында сойкулук кылгандар иштеген жайларды жабуу аракетинде

© Sputnik / Расул УсеналиевОш базарынын жанындагы Кулиев көчөсү. Архив
Ош базарынын жанындагы Кулиев көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ленин райондук администрациясы базардын аймагын иретке келтирүү аракетин кылып, бир нече маселени көтөрүп чыкты. Алардын арасында секс-притондорду жабуу аракети бар.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ош" базарынын айланасындагы сойкулук менен алектенгендердин жайларын жабуу ниетинде. Бул туурасында шаар бийлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кишенчен кармалган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыздарды чет өлкөгө сойкулукка жиберген аял кармалды
Ленин райондук акимчилиги базардын аймагын иретке келтирүү аракетинде дагы башка бир нече маселени көтөрүп чыкты. Алардын арасында коомдук транспорттун жүрүшүн жөнгө салуу максатында жайма базарларды жок кылуу милдети да турат.
Райондук администрациянын кызматкерлерине соода тартибин бузбоону эскертип, улам рейддерди өткөрүп туруу милдети тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0