Бишкектин курулуштар боюнча кабыл алынган деталдуу планы жокко чыгарылды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык административдик соту "борбор калаанын деталдуу планы мыйзамсыз кабыл алынган" деп тапкан.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 2019-жылы кабыл алынган борбор калаанын ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбоору жокко чыгарылды. Бул тууралуу деталдуу планга каршы тараптардын адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди.
Бишкек шаардык административдик соту "2019-жылы калаанын деталдуу планы мыйзамсыз кабыл алынган" деп тапкан.
Аялдамада маршрутка күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка айдоочулары жол акыны 20 сомго көтөрүүнү талап кылды. Мэрдин сунушу
Буга чейин шаардыктар Бишкектин деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышкан. Андан соң мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешке техникалык документти артка кайтаруу боюнча кат жолдой турганын билдирген.
Шаар ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбоору — бул башкы пландын кененирээк версиясы. Башкача айтканда, аталган документ кварталдарды, участкаларды курууда жана архитектуралык долбоорлоодо колдонулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0