Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
28-январга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0