Жолтандабас чуусу: президенттин иш башкармалыгынын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Виталий АньковToyota Land Cruiser Prado автоунаасы. Архив
Toyota Land Cruiser Prado автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-январь күнү социалдык тармактарда "медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр" деген маанидеги посттор жарыяланган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген жолтандабасты тейлөө кымбат болуп жаткандыктан, аны алмаштырууга туура келген. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгынан билдиришти.
Эске салсак, 26-январь күнү социалдык тармактарда "медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр" деген маанидеги посттор жарыяланган. Кийин санитардык кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров автоунаа башкага алмашылганын айткан.
"Аталган кызмат автокөлүктү алмаштырууну демилгелеген. Анткени жолтандабаска күйүүчү май көп сарпталгандыктан, финансы жагынан медициналык борборго күч келип калат экен. Аны ошол эле жылы чыккан Volkswagen автоунаасына алмаштык", — дешти президенттин иш башкармалыгынан.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0