Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Чүйдө ооругандар көп. Коронавирус боюнча статистика

174
(жаңыланган 10:16 28.01.2021)
Кыргызстанда расмий түрдө 84 303 кишиде оору аныкталып, анын жарымынан көбү сакайган. Бул жугуштуу оору 1 408 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 128 киши коронавирус жуктуруп алса, 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 48;
  • Ош — 0;
  • Чүй облусу — 60;
  • Ош облусу — 0;
  • Талас облусу — 0;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусу — 0.

Кыргызстанда расмий түрдө 84 303 кишиде оору аныкталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 54;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 49;
  • Ош облусу — 14;
  • Талас облусу — 0;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 19;
  • Жалал-Абад облусу — 7:
  • Баткен облусу — 1.

Пандемиядан бери ооруну 80 481 киши жеңди.

Тилекке каршы, акыркы суткада COVID-19дан Бишкекте үч киши каза тапты. Бул жугуштуу оору 1 408 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Учурда стационарда 618 бейтап дарыланууда. Төрт адамдын абалы канааттандырарлык, 387си орточо, 206сы оор, 21и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 863 бейтап бар.

174
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1621)
Тема боюнча
Россия Кыргызстандын аймагында "Спутник V" вакцинасын чыгарууга даяр
Ооруканадагы бейтап. Архив

ТИМ: Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

5
(жаңыланган 13:00 14.05.2021)
Кырсыктаган кызды оор абалда Санкт-Петербургдагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан капыстан кулап кетип ооруканада жаткан кыргызстандык 11 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

5
Белгилер:
кыз, операция, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

5
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

5
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?