"Аэрофлот" Кыргызстан жана дагы 86 өлкөгө бир айга чейин каттамын токтотот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" компаниясынын учагы. Архив
Аэрофлот компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кайсы бир рейске билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы эрежеге ылайык автоматтык түрдө кайтарыла турганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Аэрофлот" бир айга чейин эл аралык каттамдарын токтотот. Тизмеде Бишкек менен Ош да бар экенин авиакомпания өзү кабарлады.
Компания Кыргызстан менен алакасын 28-марттан  30-апрелге чейин токтотмокчу. Мындан тышкары, 86 ири шаарга да каттабай турган болду. Каттамдардын токтотулушу коронавирустук инфекциянын жайылышы менен байланыштуу экени айтылды.
"Буга чейин аталган рейстер боюнча авиакомпаниянын сайтынан же контакт-борбордон билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы автоматтык түрдө кайтарылат. Ал эми билеттерди "Аэрофлоттун" сатуу кеңселеринен алгандар ошол жактарга кайрылышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Брондоо боюнча бардык маалыматтарды "Аэрофлоттун" "Управление бронированием" бөлүмүнөн текшерип алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0