"Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулары айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековФотофакт: что осталось от ресторана "Нарын"
Фотофакт: что осталось от ресторана Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт жыл мурда "Нарын" рестораны Кытай инвесторуна жети миллион долларга сатылып, ал жерге 20 кабаттуу отель курулмай болгон.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кытайлык инвесторго "Нарын" ресторанынын ордуна мейманкана курууга уруксат берилет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
"Шаардык кеңештин жыйыны өттү. Жакшы долбоор бар. Ал жерде көп кабаттуу мейманкана же кеңселер болот. Бишкектеги эң бийик имарат болуп калышы мүмкүн", — деди мэр.
Түлөбаев Кытай инвесторунун долбоору жанданып жатканын тастыктады. Курулуш иштери качан башталары белгисиз, бирок мэрдин айтымында, ал создуктурбоону табыштаган.
Эркин-Тоо басмаканасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жең ичинен сүйлөшүп, үй курмак болушкан. УКМК "Эркин-Тоо" боюнча иш козгоду
Эскерте кетсек, аталган жай архитектуралык маанидеги эстеликтер тизмесинен 2016-жылы чийилген. Бир жылдан кийин имаратты кытайлык компания сатып алып, түрттүрүп салган. Ал жерге "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруу пландалып, бирок ошол кездеги мэр Албек Ибраимов аталган аймак скверге айланарын, ал эми инвесторлорго башка жер тилкеси сунуштала турганын билдирген.
2018-жылы экс-мэр Азиз Суракматов объект жети миллион долларга сатылып кеткенин айткан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү инвестор менен байланышка чыгууга аракет жасашкан, бирок ал жооп берген эмес. Ошол кезден бери маселе ачык бойдон калып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0