Өлкөгө ПЦР-тести жок келгендер эмне болот? Жаңы эреженин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ПЦР-тести кармап турат. Архив
Медициналык кызматкер ПЦР-тести кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптадан тарта Кыргызстандын аймагына кирүү боюнча жаңы эреже киргизилди. Эми ар бир киши кайсы өлкөнүн жараны экенине карабай ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.
23-январдан бери Кыргызстанга кирген бардык жарандардан коронавирус жукпаганын тастыктаган ПЦР-тесттин жыйынтыгы талап кылынып жатат. Бирок айрым учурда ансыз деле келгендер болууда. Sputnik мунун себеби эмнеде экенине жана өзгөргөн алгоритмге ылайык кандай аракеттер көрүлүп жатканына кызыгып көрдү.
Эске салсак, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, өткөн аптадан тарта өлкөгө авиатранспорт менен келген кишинин 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалым каты сөзсүз болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик чек араны автомобилдик пунктулар аркылуу кесип өткөндө дагы ПЦР-анализи терс чыккан маалым кат суралат.
"Манас" эл аралык аэропортунун Санитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, эпидемиолог Бактыгүл Ыбышеванын айтымында, жаңы эрежелер киргизилген бир нече күндөн бери чет өлкөдөн вирус ала келгендер аныктала элек.
© Sputnik / Максат Элебесов"Манас" эл аралык аэропортунун Санитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева
Врач-эпидемиолог Бактыгуль Ыбышева - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропортунун Санитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева
"Негизи учакка ПЦР-тести жок эч ким отургузулбашы керек. Бирок эреже жаңы кирип жаткандыктан, өтө зарыл учур болгондо анысы жок эле келгендер болуп калып жатат. Бирок өтө аз. Ооруп келгендер же ПЦР-тесттин айынан өлкөгө кимдир бирөөнү киргизбей койгон учурлар каттала элек", — деди Ыбышева.
Бирок алар ошол бойдон эле өтүп кетпей, Кыргызстандын аймагына кирери менен ПЦР-анализ тапшырышат.
"Аэропорттон анализ тапшырган кишиде оорунун эч белгиси жок, саламаттыгы жайында болсо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үйүнө жиберилет. Анализи даяр болгуча эч ким менен байланышпай, үйдөн чыкпай жатышы керек", — деди бөлүм башчы.
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин эки мектебинен COVID жугузгандар аныкталды. Мэриянын кайрылуусу
Ал эми келе жаткан адамда вирустун белгилери байкалса, ошол замат аэропорттун санитардык-карантиндик пунктунун изоляторуна киргизилет. Андан соң дарыгерлер тез жардам унаасы менен барып, изолятордогу адамды текшеришет. Вирус аныкталып калса дароо ооруканага алып кетишет.
Мындан тышкары, Ыбышева учурда ПЦР-анализинин мөөнөтү өтүп кеткендер көп экенин кошумчалады.
"Адамдын коронавирус жуктурбагандыгы тууралуу маалым кат 72 гана саатка жарай турганы белгилүү. Бирок азыр кыш мезгили болгондуктан аба ырайынын шартына байланыштуу каттамдар кармалып калган учурлар көп болот. Кээ бирөөлөрдүн маалым катынын мөөнөтү өтүп кетип жатат. Муну түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок алгоритм толук аткарылышы керек, талап күчөтүлөт", — деди ал.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Sputnik редакциясы башка өлкөлөрдө ПЦР-тесттерге байланыштуу жайдайды иликтеп көрдү.
Казакстанда коронавирус жуктурбаганын далилдеген маалым каты жок жүргүнчүлөрдү карантинге киргизип коюшат. Мисалы, өткөн жылдын ноябрь айынын акыркы күндөрү Казакстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети  өлкөгө кирген 2 746 адамдын ичинен 228инин маалым каты жок экенин аныктаган. Жыйынтыгында Алматыда 116, Нур-Султанда 172 киши карантин стационарларына жайгаштырылып, анализ алынгандан кийин гана үйүнө жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда коңшу өлкө чет элдиктерге катаалыраак чараларды колдонот. Декабрь айынын аягында Кыргызстандын бир жараны ПЦР-тестинин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн депортацияланган. Ал Түркиядан Актау шаарына учуп келген болчу.
Эл аралык аэропортто COVID-19га текшерүүдөн өткөндөн кийин жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
23-январдан тарта Кыргызстанга чет өлкөдөн киргендердин ПЦР-анализи болушу керек
Ушул эле себеп менен Алматы менен Нур-Султандын аэропортторунан Россия, Түркия жана Беларустун жарандары депортацияланган. Баса, Казакстанга келгендердин арасында ПЦР эмес, экспресс-тест менен гана учкандар дагы болгон. Жалпысынан октябрь айынан бери Казакстан 100дөн ашык чет элдикти аэропорттон эле артка кайтарды.
Ал эми Россия өткөн жылдын август айынан тарта айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданта баштады. Москва бийлиги чет өлкөдөн кайтып келе жаткан жарандарына үч күндүк убакыт берет. Бул аралыкта алар "Мамлекеттик кызматтар" порталына ПЦР-тесттин жыйынтыгын илүүгө милдеттендирилет. Эгер маалым кат үч күндүн ичинде аталган сайтка жүктөлбөсө, жаран 15 миң рубль өлчөмүндө айып пулга жыгылат. Ал эми тестти такыр эле тапшырбай койгондор 40 миң рублге чейин айып төлөөгө милдеттүү болгон. Ноябрь айынын аягындагы маалымат боюнча, мындай айыптарды Москва шаарына келгендердин эки пайызы төлөгөн.
Кыргызстанда бул сыяктуу айып пулдар каралган эмес.

ПЦР-тест тапшыруу кайсы өлкөдө канча турат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн келе жаткан бардык кыргызстандыктардын ПЦР-тест тапшырууга финансылык мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
"Тесттин баасы авиабилеттикине караганда 10-20 эсе арзан. Учуп жаткандан кийин анализ тапшырууга деле мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Бардык өлкөлөрдө талап ушул болуп жатпайбы", — деди министр.
Андыктан кыргызстандыктар көбүрөөк каттаган өлкөлөрдөгү бааларга көз салып көрдүк. Ыңгайлуу болушу үчүн бааларды дароо сомго айландырып беребиз.
Москва шаарында ПЦР-тест 2 миңден башталып 5500 сомго чейин жетет. Эң арзан тестти Казакстандан тапса болот, болгону 1400 сомдун тегерегинде акча жумшайсыз.
Тестирование на коронавирус в Баку - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
Стамбул шаарында бир тесттин баасы 2 900дөн тарта 4 600 сомго чейин жетет. Анталья шаарында эс алган туристтер 2100 сомдун тегерегиндеги каражат төлөшөт.
Бул өлкөлөрдүн баарында тесттин жыйынтыгын англис тилинде беришет, бирок орус тилинде дагы талап кылсаңыз болот.
Бириккен Араб Эмирлигине бара жаткан кыргызстандыктар Дубай, Шарджа, Абу-Даби, Эль Айн, Аджман жана Рас-Аль-Хайма шаарларынан тест тапшыра алышат. Баасы 3150 сомдун тегерегинде.
Жыйынтыкты 24 сааттан 72 саатка чейин даярдап беришет. Айта кетчү нерсе, баалар ар кайсы аэропортто ар кандай болуп калышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0