Буудай. Архив

Айыл чарба министрлиги жазгы айдап-себүү иштерине канча үрөн даярдалганын айтты

Министрликтин маалыматына караганда, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн керектелген үрөн керектүү өлчөмдө толукталбай калды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине канча үрөн даярдалганы тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн керектелген үрөн керектүү өлчөмдө толукталган эмес.

Даярдалган үрөндөр:

  • Дан өсүмдүктөрү — 53,5 миң тонна (керектөөнүн 81,7 пайызы);
  • Буудай — 20,6 миң тонна (78,8 пайыз);
  • Арпа — 32,9 миң тонна (83,7 пайыз);
  • Жүгөрү — 2,4 миң тонна (83,2 пайыз);
  • Кант кызылчасы — 12,5 миң тонна (33 пайыз);
  • Пахта — 1,1 миң тонна (80,6 пайыз);
  • Көп жылдык чөп (беде, эспарцет) — 928 тонна (59,5 пайыз);
  • Картошка — 207,9 миң тонна (95,9 пайыз).
Белгилер:
өсүмдүктөр, айыл чарба, үрөн
Тема боюнча
Бишкекте айыл чарба бизнесине кызыккандар үчүн ботаникалык жай ачылат
Бишкекте айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Баалар арзан болору айтылды
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:05 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрилигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр