БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Уйку келүү жана тынчсыздануу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн болорун РИА Новостиге алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча адис Андрей Тяжельников айтып берген.
"Дени-карды соо адамдар дагы аба ырайынын бузулушунан ыңгайсыз боло берет. Уйку келип, аба жетпей, тынчсызданып, башы ооруп, жүрөгү айланып, бат-баттан согуп, алы кетип, баш-этегин жыя албай калганын сезишет", — деген Тяжельников.
Адис аба ырайынын тез өзгөрүшүнөн өнөкөт оорулар күчөп кетерин айткан.
"Аба ырайынын өзгөрүшү кан басымы төмөн адамдарга, маалы менен жогорулап тургандарга, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга, дем алуу органдарынын илдетине кабылгандарга, таяныч-кыймыл системасында көйгөйү барларга терс таасирин тийгизет", — деген дарыгер.Буга чейин кыргызстандык өпкө дарыгери дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч аларын айтып берген болчу.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.
Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.
Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.
Мамлекет өзү мектептен, ЖОЖдон, анан да ар кандай даярдоо курстарынан өткөрүп, акысыз билим берип кадр даярдайт. Бирок ал адис жетекчилик кызматка бышып жетилип калганда саясий орундарга сырттан келгендер отуруп, ошол мекемени башкарып калып жатат. Бул чоң ката. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик кызматтарда жаш кадрларга стимул бере турган эч кандай аракеттер жок.
"Кыргызстанда кадр саясатын жүргүзүү жолго коюлган эмес. Өлкө өз каражатына даярдаган адистери бышып, жетилип калганда аларды жетекчилик кызматка койгондун ордуна саясий орундарга сырттан алып келишет. Алган маянасы аз, ошого карабай өз ишинин кесипкөй адиси болуп, карьера жасоону максат кылган жаштар үчүн мындай сокку анын кызматын таштап кетүүсүнө себеп болот. Мындан кайра эле мамлекет утулат. Анткени сырттан келген жетекчи тармакты түшүнүп ишке аралашканча бир жылдай убакыт өтүп кетет. Ал эми ал ишкана тууралуу баарын ичинен билген кыззматкер жеке тармакка жумушка орношуу менен ошол мамлекеттик органга атаандаштык жаратууда күчтүү кадрга айланат. Анткени ал өзү иштеп кеткен жердин бардык сырын билет. Андыктан саясий кызматтарга ошол тармакты мыкты билген, ашынган кесипкөй бирөө болсо гана сырттан келбесе, негизинен ичинде өсүп келе жаткан адистерден башчылыкка коюуну жолго салуу зарыл", — деди Ашымов.
Серепчи, ошондой эле, учурда өкмөт курамында жүрүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдөн деле иреттелген кадамдар көрүнбөй жатканын кошумчалады.